Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдраманов: эгемендүү өлкөдө бир да оорукана курулган жок

© SputnikКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, кардиохирург Калдарбек Абдраманов
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, кардиохирург Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, кардиохирург Калдарбек Абдраманов өлкө медицинасынын абалы тууралуу пикирин билдирди.
Абдраманов: эгемендүү өлкөдө бир да оорукана курулган жок

Кыргыз медицинасы абдан начар абалга келип жетти. Мындай пикирин Калдарбек Абдраманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, медицина тармагында тезинен модернизациялоо иштери жүргүзүлбөсө, калктын аялуу катмары медициналык кызматты пайдалануусунда чоң көйгөйгө тушугат.

"Беш баллдык шкала менен баалай турган болсок, биздин медицинага "3" деген баа берем. Бул өтө начар абалда турабыз дегенди билдирет. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет өз акчасына бир да оорукана кура алган жок. Ошентсе да мындай абалдан чыгуу жолдору бар. Тезинен медицина тармагында модернизациялоо иштери жүргүзүлүшү керек", — деди Абдраманов.

Дарыгер бул багытта жасалып келе жаткан реформалар жемишин бербей жатканына иш жүзүндө киргизиле турган өзгөртүүлөр сунушталбай, баары кагаз бетинде калып жатканы себеп экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0