Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагындык уулу: эми күркөлөр атайын тиркеме менен текшерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу
Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу жер комиссиясынын иштери онлайн жүрүп жатканын айтты.
Сагындык уулу: эми күркөлөр атайын тиркеме менен текшерилет

Ижарага берилген жерде жайгашкан күркөлөр атайын тиркеме менен текшерилет. Мындай кадам коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгарып, жарандар үчүн ачык-айкындуулукту камсыздайт. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тиркеме аркылуу иштөө атайын кызматтар арасында бири-бирине кат жөнөтүү, жол-жоболоштурууга коротулган убакытты кыскартат.

"Ижарага берилген муниципалдык жерде жайгашкан күркөлөр жана башка объектилер тууралуу толук маалыматты камтыган атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Ага ылайык, атайын QR код аркылуу тийиштүү адистер текшерүүлөрдү тез, ыкчам, ыңгайлуу жүргүзө алат. Натыйжада мыйзамсыз иштеген объектилер оңой аныкталып, ишмердиги токтотулат. Ал эми мыйзамдуу иш алып барып жаткандарды текшерүүдө атайын кызматтар арасында бири-бирине кат, тактама жөнөтүү азайып, коррупциялык тобокелчиликтерди жокко чыгарат. Ошондой эле "электрондук күн тартип" тутуму ишке киргизилүүдө. Ага ылайык, түшкөн арыздардын негизинде жеңилдетилген типтеги объектилер үчүн жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча комиссиялардын жыйындарынын күн тартибин автоматтык түрдө түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул технологиялар шаардыктардын арыздарын кезеги менен кароого жана коррупциялык тобокелдиктерди четтетүүгө шарт түзөт", — деди Сагындык уулу.

Ошондой эле ал шаар тургундары ижарага алган жерди өз багытында пайдаланышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0