Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: балдар үчүн анимациялык фильмдерди тартууга аракеттер көрүлүүдө

© Sputnik / Асель АкматалиеваМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев балдар адабияты аксап жатканын айтты.
Иманалиев: балдар үчүн анимациялык фильмдерди тартууга аракеттер көрүлүүдө

Балдар үчүн анимациялык фильмдерди тартуу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Ансыз да балдардын чет өлкөлүк тасмалардын таасиринде калып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу балдар ырлары үчүн жарыяланган сынактар токтоп калган.

"Композиторлор жана Жазуучулар союзу менен биргеликте сынак жарыялаганбыз. Учурдагы абалга байланыштуу алар токтоп турат. Пандемиядан кийин балдар ырлары жана аларга обон жазуу боюнча сынак жарыяланат. Андан улам оюн жана атуулдук ырларды да тандап алмакчыбыз, тагыраагы, ага да конкурс болот.  Мындан тышкары балдар үчүн Тоголок Молдо атындагы сыйлык, балдар адабияты боюнча жакшы чыгармалардын жаралуусуна түрткү берет деген ойдобуз. Ошондой эле балдар үчүн анимациялык фильмдерди тартуу аракеттери көрүлүүдө. Анткени бул багытта иш алып барбасак, балдарыбыз чет элдин тарткан продукцияларынын таасиринде болуп калат. Ал эми кыргыздын өзүнүн табити бар. Быйыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы", анын алкагында бул багыттагы иштер күчөтүлөт", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Манас баатыр боюнча анимациялык фильм тартуу демилгелери көтөрүлүп, аны ишке ашыруу максатында атайын студиялар менен иштешүү колго алынып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0