КРдин эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор кардиохирург Калдарбек Абдраманов

Абдраманов: унаабыз жок, бейтаптарды такси менен ташыйбыз

КРдин эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор кардиохирург Калдарбек Абдраманов Жалал-Абаддагы Жүрөк хирургиясы илимий борборуна көңүл бурулбай жатканын айтты.
Абдраманов: унаабыз жок, бейтаптарды такси менен ташыйбыз

Жүрөк хирургиясы илимий борбору деп аталганы менен карамагыбызда унаабыз жок, оорулууларды такси менен ташыйбыз. Бул тууралуу Калдарбек Абдраманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган оорукана шаарда төрт имаратка бөлүнүп иштейт. Анткени өздөрүнө тиешелүү бейтапкана беш жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөй турат.

"Жүрөк хирургия илимий борбору деген аты эле бар. Операция бөлүмүбүз Кан борборунун имаратында жайгашкан. Башка бөлүмдөрүбүз да шаардын төрт бурчуна тарап кеткен. Карамагыбызда автоунаабыз жок. Бейтаптарды бир бөлүмдөн экинчисине, маселен, стационардык палатадан операцияга такси менен алып келүүгө мажбур болобуз. Операциядан чыккан бейтапка шаардын башка жеринде жайгашкан ашканабыздан тамак ташып келебиз. Жүрөк хирургиясынын имаратынын оңдоп-түзөө иштери беш жылдан бери бүтпөй жатат. Кайрылбаган, кат жазбаган жерим калган жок. Ушул аралыкта канча саламаттык сактоо министри келди, баарына кайрылгам. Президентке кат жазганыма алты ай болду, жыйынтыгы жок. Өлкө башчысы маселени бирөөгө тапшырды, ошону менен кайрадан эле бул көйгөй унутулуп калды окшойт деп отурам", — деди Абдраманов.

Дарыгер бул тармактагы министрлер кызматка келгенден кийин эле адистерди кабыл алып, көйгөйлөрүн угууга убакыт таппай калышаарын кошумчалады.

Белгилер:
көйгөй, пластикалык хирургия, медицина, Калдарбек Абдраманов
Тема боюнча
Гемодиализге муктаж 174 бейтап өкмөттүн эсебинен акысыз дарыланууга өттү
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

(жаңыланган 11:19 23.04.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров алимент төлөө кандайча аныктала турганын айтып берди.

Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.

"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.

Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Белгилер:
ата-эне, алименты, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши
Койдун Арашан тукуму. Архив

Кыргызстан салмагы 180 килограммга жеткен койдун жаңы тукумун каттады

(жаңыланган 14:09 23.04.2021)
Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардан ашат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан салмагы 180 килограммга чейин жеткен койдун жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, 15-апрелде эт, май багытындагы койдун "Арашан" тукуму каттоодон өткөн. Селекционерлер мыдай тукумду 1997-2021-жылдар аралыгында чыгарышкан.

"Бул малдын өндүрүмдүүлүгү абдан жогору. Алты-жети айлык козулардын салмагы 55-60, бир жаштагылары 75-80, чоңдору 175-180 килограммга чейин жетет. Бул биздин фермерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк", — деди министр.

Жаныбековдун айтымында, мындай тукумга болгон керектөө ички-тышкы рынокто абдан жогору. Учурда таза тукумдагы койдун саны 5 850 гана болгондуктан баасы дагы кымбат.

"Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардын ашат. Учурда Казакстан менен Россиядан абдан көп буйрутмалар түшүп жатат", — деди министр.

Ал ошондой эле мындай койлор сатыла баштаганын кошумчалады.

Белгилер:
каттоо, кой, Кыргызстан