Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив

Элчи: РФ менен КРдин ортосундагыдай алака башка өлкөлөрдө жок

71
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов КР менен РФтин ортосунда жылдан-жылга өнүгүп отурган тыгыз алака бар экендигин айтты.
Элчи: РФ менен КРдин ортосундагыдай алака башка өлкөлөрдө жок

Кыргызстан менен Россиядай мамилеси терең, тыгыз байланышкан дүйнөдө башка өлкө жок деп айтсак болот. Буга эки өлкө ортосунда түзүлгөн 201 мамлекет аралык келишим күбө. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияда 16 миң кыргызстандык студент билим алса, анын 7000и РФтин бюджети тарабынан каржыланат.

"Эки өлкө ортосунда көп жылдарды камтыган бекем мамиле бар. Экономика, билим берүү, коопсуздук, маданият, айтор, бардык багыттар боюнча Кыргызстан менен Россия ийгиликтүү иштешип келет. Бүгүнкү күндө мамлекет аралык 201, министрликтер ортосунда 143 жана региондор аралык 17 келишим бар. Бул абдан көп долбоор, нечендеген иштер аткарылып жатканынан кабар берет. Учурда Россияда 16 000 кыргызстандык студент билим алса, алардын 7 миңи бюджеттик бөлүмдөрдө окуйт. Биз бул сандарды дагы көбөйтөлү деп жатабыз. Андан сырткары, жылына 5000дей адам биздин өлкөдөн келип квалификациясын жогорулатып же курстардан окуп кетет", — деди Жекшенкулов.

Элчи кыргыз өкмөтү Россиядан санариптештирүү, коопсуздук жана башка көптөгөн тармактар боюнча үлгү алса болорун кошумчалады.

71
Белгилер:
алака, Россия, Кыргызстан, Аликбек Жекшенкулов
Тема боюнча
Бийбосунов: сентябрда Екатеринбургда Кыргыз-Россия бизнес форуму өтөт
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова. Архив

Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

43
(жаңыланган 15:37 01.12.2020)
Бишкек шаардык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун директору Аида Карагулова соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо иштери жакшы натыйжа берип жатканын белгиледи.
Карагулова: республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт

Республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2 072си Бишкек шаарында. Бул тууралуу Аида Карагулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, аталган илдетти жуктуруп алгандар эң көп катталган аймак — Чүй облусу.

"Соңку учурларда ВИЧ/СПИДди аныктоо боюнча иш-аракеттер жакшы болуп жатат. Акысыз тестирлөө боюнча ар кандай акциялар жүргүзүлүүдө. Статистикага токтоло турган болсок, жалпысынан алганда республика боюнча 10 миң 214 адам ВИЧ/СПИД менен жашайт. Анын ичинен 2072 киши Бишкек шаарында катталган. Алдыңкы орунда Чүй облусу, бардык катталгандардын 21 пайызы Бишкек шаарында, 16 пайызы Ош облусунда жана 11 пайызы Жалал-Абадда жашайт. Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп катталып жатышына ички жана тышкы миграция себеп болуусу ыктымал", — деди Карагулова.

Ал ошондой эле ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдарга коронавирус кандай таасир эте турганы изилдене электигин кошумчалады.

43
Белгилер:
миграция, коронавирус, СПИД
Тема боюнча
Дүйнөдө биринчи болуп ВИЧти жеңген адам рактан каза тапты
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: "Манаста" тамактануу убактары "нанүштө", "жагына" делген

140
(жаңыланган 12:19 01.12.2020)
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунан тамактануу боюнча дагы маалыматтарды алса болорун белгиледи.
Талантбеков: "Манаста" тамактануу убактары "нанүштө", "жагына" делген

Таңкы тамактануу "нанүштө", түшкө маал тамак ичүү "түштөнүү", ал эми кечки курсак тойгузуу "жагына" деп аталат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, мындай сөздөр эпосто колдонулуп, ал тургай кандай тамактануу туура боло турганы айтылган.

"Көбүнесе тамактанууну эртең мененки, түшкү жана кечки деп бөлүп айтылып жүрөт. Айрым учурда бул дагы колдонулбай "завтрак, обед, ужин" делип орусчасы колдонулууда. "Манас" баянында таңкы тамактануу "нанүштө" делип, анда жеңил-желпи тамак желген. Ал эми "түштөнүүдө" абдан күчтүү тамактануу зарылдыгы белгиленген. Ошол эле эпосто кечки курсак тойгузуу "жагына" делип, ал өтө кечке калтырылбастыгын аңдасак болот", — деди Талантбеков.

Манасчы эпостогу көөнө сөздөрдү колдонуп аны коомго жайылтуу керектигин кошумчалады.

140
Белгилер:
тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

59
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

59
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды