Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абылаев: Казакстандан быйыл 500 млн киловатт-саат электр энергиясы импорттолот

© Sputnik / Эркин СадыковУлуттук энергохолдингдин Генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев
Улуттук энергохолдингдин Генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук энергохолдингдин Генерация жана энергетика өткөрүү башкармалыгынын эксперти Аскат Абылаев кар аз жаап, суу чектелүү болгон жылдары өлкөгө электр энергия импорттоло турганын айтты.

Абылаев: Казакстандан быйыл 500 млн. киловатт-саат электр энергиясы импорттолот

Казакстандан быйыл 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишим түзүлдү. Анын баасы 2,4 центтен болот. Бул тууралуу Аскат Абылаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суу 19,5 миллиард кубдан жогору болгон учурда электр энергиясы экспорттолот.

“Беш жыл мурда, 2014-2016-жылдары, бир миллиард киловатт-саатка чукул электр энергиясын тыштан импорттогонбуз. Ал учурда үч жыл суу аз келген болчу. Ал эми 2017-2018-жылдары эки миллиард киловатт-саатка чейин электр энергиясын экспорттогонбуз. Суунун азайып-көбөйүүсү айланып туруучу жагдай. Башкача айтканда, мезгил-мезгили менен суу азайып-көбөйүп турат. Мына ошол суунун келиши көбөйгөн учурда электр энергиясын сатабыз. Эгерде азайса, кайра сатып алабыз. 2018-жылдан бери суу чектелүү болуп жатат. Ошого байланыштуу 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын Казакстандан 2,4 центтен сатып алып келе жатабыз”, — деди Абылаев.

Адис өлкөдө электр энергиясын колдонуу жылына беш пайызга көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0