Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов

Романов: аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү

85
(жаңыланган 13:09 09.07.2020)
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов аткаруучу пробация кайсыл учурда колдонула турганын айтып берди.
Романов: аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү

Аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү болуп саналат. Ал соттун чечими менен ишке ашат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аткаруучу пробация жаранды коомдон обочолонтпой жаза колдонууну камсыздайт.

"Аткаруучу пробация шарттуу түрдө эркинен ажыратуунун бир түрү болуп саналат. Мыйзамдын негизинде пробация колдонула турган жаранга социалдык-укуктук жана психологиялык көмөк көрсөтүү боюнча жол-жоболор иштелип чыгат. Буга ылайык, пробациялык көзөмөл планы түзүлөт. Анын ичине жаран каттоого туруу мөөнөттөрү жана башка жагдайлар кирет. Ошондой эле жекече көрсөтүлүүчү социалдык-укук көмөк программасына ылайык, соттолгон адамдын документтери толукталып, жумушка орноштуруу сыяктуу жардамдар көрсөтүлөт", — деди Романов.

Романов пробация сотко чейинки, аткаруучу, пенитенциардык жана постпенитенциардык деп төрткө бөлүнөрүн кошумчалады.

85
Белгилер:
Руслан Романов, сот, кылмыш, пробация, аткаруучу
Тема боюнча
Романов: абактан эрте бошотулган жарандарга социалдык көмөк көрсөтүлөт
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов

Романов: Кыргызстанда жылына 20 миңден ашык жолбун ит-мышык атылат

31
Ветеринария инспекциясына караштуу малдын ылаңдарына мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Романов ит, мышыктар кутурмага каршы жылына бир жолу эмдөөдөн өткөрүлөрүн айтты.
Романов: Кыргызстанда жылына 20 миңден ашык жолбун ит-мышык атылат

Өлкөдө жаныбарларга кам көрүү боюнча абал оор бойдон. Бишкектин ар бир таштанды таштоочу жайларынан жолбун ит, мышыктарды кезиктирүүгө болот. Учурда мамлекет тарабынан көчө жаныбарларын кармоочу жай ачыла элек. Бул тууралуу Чыңгыз Романов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаныбарларды атуу эл аралык эпизотиялык бюронун кодексинин талаптары боюнча гумандуулукка жатпайт.

Илбирстин чоң топозду өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет. Эколог менен маек

"Бир жылдан бери биздин ветеринардык кызмат көчөдө калган жаныбарларды багуу шарттарын жакшыртуу жана мал ээсинин жоопкерчилигин күчөтүү максатында атайын мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин окуусунан өткөрдүк. Аталган мыйзам долбоору жаңы парламент келгенде кабыл алынып калса, кароосуз жаныбарларды багуу, алардын санын азайтууга, дегеле аларды жаман шартта кармагандарды көзөмөлдөгөнгө шарт түзүлөт. Республикадагы кароосуз жаныбарлардын саны боюнча так маалымат жок. Бирок жылына өлкөдө 20 миңден ашык жолбун ит, мышыктар атылат. Ал эми ээси бар жаныбарларды идентификациядан өткөрүп, каттоо күбөлүктөрүн берип, электрондук базаларга киргизебиз. Учурда мамлекет тарабынан көчө жаныбарларын кармоочу жай ачыла элек. Маалыматым боюнча, жеке тараптар ачкан эки жай бар. Алардын негизги максаты көчөдө калган ит, мышыктарды алып келип, ветеринардык талаптар менен дарылап, бычып, анан багып алууну каалаган адамдарга берүү болуп саналат. Биз колдон келишинче дары-дармек жагынан жардам берип турабыз. Андан тышкары, жеке ишкерлер да колдоо көрсөтүп келет", — деди Романов.

Ошондой эле адис Эреже бузуулар кодексинин 79-беренеси боюнча, жаныбарларды багуу шарттарын бузган адамдарга биринчи категорияда 1 000 сом айып пул салынарын кошумчалады.

31
Белгилер:
ветеринария, мышык, ит
Тема боюнча
Исираилов: малды комплекстүү дарылап, анан кезүүгө кошуш керек
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев

Үсөналиев: окутуунун онлайн да, оффлайн да режимине даярдык көрүлүүдө

42
(жаңыланган 12:09 15.08.2020)
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев окуу жылына карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Үсөналиев: окутуунун онлайн да, оффлайн да режимине даярдык көрүлүүдө

Эпидемиологиялык абал начар аймактар "кызыл зона" деп белгиленип, окутуу аралыктан жүрөт. Ал эми оорунун жайылышы токтоп калган аймактар "жашыл зона" катары белгиленип, окуу реалдуу режимде өтөт. Ошондуктан министрлик онлайн жана оффлайн режимде окутуу үчүн даярдыктарды көрүп жатат. Бул тууралуу Марат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуу жылдагыдай эле 1-сентябрда башталат.

Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши

"2020-2021-окуу жылын баштоо үчүн министрлик беш консультативдик топ иш алып барды. Анын натыйжасы менен 2-3 вариант сунушталууда. Санитардык-эпидемиологиялык абалга жараша аймактар "кызыл зона" жана "жашыл зона" болуп бөлүнөт. Эгерде коронавируска байланыштуу абал жакшы болсо, окутуу реалдуу режимде жүргүзүлөт. Ал эми оору кеңири жайылган аймакта жайгашкан мектептер аралыктан окушат. Маселе негизинен Бишкек жана Ош шаарларында жаралып жатат. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан реалдуу окутууга уруксат берилсе, ата-эненин макулдугу менен окуучу мектепке барат. Эгерде ата-эне баласынын ден соолугу үчүн кооптонуп жатса, аралыктан окутуу боюнча арыз жазат. Эң негизгиси министрлик тарабынан онлайн жана оффлайн түрүндө сабак берүү үчүн бардык даярдыктар көрүлүүдө", — деди Үсөналиев.

Ошондой эле ал реалдуу режимде окугандардан мектеп формасы талап кылынбай турганын кошумчалады.

42
Белгилер:
коронавирус, мектеп, окутуу
Тема боюнча
Нарындын 36 мектеби балдарды кадимки режимде окутууга даяр
Ысык-Көлдүн жээги. Архивдик сүрөт

Ош, Талас жана Бишкектен 200 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

0
(жаңыланган 20:11 15.08.2020)
Коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн эс алдыруу каралган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөнүн Республикалык штаб кабарлады.

Ош, Талас облустары менен Бишкек шаарынан топтолгон дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, техникалык персоналдын өкүлдөрү менен тез жардам унааларынын айдоочуларынан турган топ 15-август күнү чыгып кетишкен.

Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө

"Медиктер "Эне-Сай" пансионатында бир жума болушат. Каражат маселеси Эмгекчилердин ден соолугун калыбына келтирүү фонду тарабынан чечилди", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы үч аптанын аралыгында "Эне-Сай" жана "Алтын-Жай" пансионаттарында жалпы жонунан 450 медицина кызматкери эс алды.

0
Белгилер:
пансионат, медик, эс алуу, Ысык-Көл, дарыгер
Тема боюнча
Россиялык медиктер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине баш бакты. Сүрөт
Исмаилова: аймактарга бөлүштүрүлгөн жаш медиктерге колдоо көрсөтүү зарыл
Эми акча берилбейби? Медиктерге компенсация төлөөнүн шарты өзгөрүүдө