Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамырканов: суучул-куткаруучунун айлыгы 4,5 миң сом

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамырканов. Архив
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамырканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Самырканов учурда куткаруучу-суучулдарды даярдоо курстары өтүп жатканын айтты.
Шамырканов: суучул-куткаруучунун айлыгы 4,5 миң сом

Жаңыдан жумушка кирген жарандык куткаруучу-суучулдун айлык акысы 4500 сом, андан сырткары, ай сайын тамак-ашына 3000 сомдон берилет. Ошентип жалпысынан 7500 сом айлык чыгат. Бирок андан социалдык фондго, пенсияга кармалгандан кийин колуна 6000 сомдой акча тиет. Бул тууралуу Урматбек Шамырканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандык багытта иш алып барган суучулдардын тамак-ашына берилген акча өлкөдө эң жогорку нарк болуп эсептелет. Анткени аскердик чини бар куткаруучуларга бул багытта 2100 сом гана бөлүнөт.

"Суучул-куткаруучулар атайын окуудан өтүп, машыгышат. Кыштын күнү, катаал шарттарда иштөө үчүн жылдын ушул мезгилинде машыгуулар болуп турат. Мындай шартта иш алып баруунун өзүнүн эрежелери бар. Мисалы, кыштын күнү бир суучул суу астында 15 мүнөттөн ашык жүрбөйт. Ал денени кургак кармаган атайын костюм менен түшүп, издөө иштерин жүргүзөт. Чыгары менен жылуу кийимин кийип, ысык чай ичет. Дасыккан инструкторлор мындай учурда көз салып турушат. Ошентсе да суучул-куткаруучулардын ден соолугун жылына бир жолу чыңдоо максатында эс алуучу жай берилсе жакшы болмок. Учурда жетекчилик бул маселени чечүүгө аракет жасоодо, бирок азырынча жыйынтык чыга элек. Ошондой эле суучул-куткаруучулардын айлык акысы да аз. Жаш кадрларга жалпысынан 7500 сомдун тегерегинде маяна чыкса, колдоруна 6000дейи тиет", — деди Шамырканов.

Ошондой эле ал суучул-куткаруучулар жылына эки ирет медициналык кароодон өтүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0