Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: жарандарга өлкө ичинде саякаттоо сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу сырттан туристтер келмейин аталган багыт өнүкпөйт деген пикирин айтты.
Дамир уулу: жарандарга өлкө ичинде саякаттоо сунушталууда

Чек аралар жабык болгондугуна байланыштуу жарандарга өлкө ичинде саякаттоо сунушталууда. Аталган демилге туризм тармагындагы чакан жана орто ишкерликти жана жумуш орундарын сактап калууга мүмкүндүк түзөт. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү үчүн чет мамлекеттик саякатчылардын келүүсү зарыл.

"Кыргызстанда калктын саны аз болгондуктан ички туризм аталган тармактын өнүгүп кетишине кандайдыр бир түрткү бере албайт. Туризм бизнесин жаңыдан баштап, аз сандагы адамдарга ылайыкташкан чакан ишкерлер гана ички саякатчылардын эсебинен иштеп калса болот. Ушул багытын болсо да кармап туруу максатында саякатчыларды тартуу үчүн кыргызстандыктарга "ардактуу турист" наамын ыйгаруу сунушталды. Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды иштеп чыктык. Анда ишкерлер эс алуучуларды кандай кабыл алуусу, саякатчылар өзүн кантип коргоосу керектиги айтылган", — деди Дамир уулу.

Ошондой эле ал Ысык-Көлдө эс алуу үчүн даярдык иштери 90 пайызга аяктап калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0