Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин директорунун орун басары Жалилбек Тойматов

Тойматов: Суусамырда 23 миң гектарга чукул жерди алтыгана каптаган

Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаментинин директорунун орун басары Жалилбек Тойматов алтыгананы механикалык жана химиялык ыкма менен жок кылуу жолдору бар экенин айтты.
Тойматов: Суусамырда 23 миң гектарга чукул жерди алтыгана каптаган

Алтыгананы жок кылуунун механикалык жолу жакшы натыйжа бербейт. Бул тууралуу Жалилбек Тойматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алтыгана Чүй, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын жайыт пайдалануучуларына зыянын тийгизүүдө.

"3-4 жыл мурдагы спутниктен алынган сүрөттөргө ылайык, Суусамыр өрөөнүндө 23 миң гектарга чукул жерди алтыгана каптаганы белгилүү болгон. Учурда аталган бадал канча жерге жайылып кеткени такталууда. Ал жайыт пайдалануучуларга, башка өсүмдүктөргө, малга зыянын тийгизип жатат. Анткени алтыгана чыккан жерге мал отоочу чөп чыкпай калат экен. Ошондой эле майда жандык ар кандай жаракат алып, малчылар чыгымга учуроодо. 2018-жылы Жайыт департаменти тарабынан атайын долбоордун алкагында 10 гектар алтыгана баскан жер химиялык, 25 гектары механикалык ыкма менен тазаланган. Анын натыйжасы менен аталган өсүмдүктү жок кылуу үчүн гарлондекс препаратын колдонуу сунушталган. Ал эми механикалык ыкманы колдонууда алтыгананын үстү кыркылып, бирок тамыры калып кеткендиктен бул ыкма керектүү жыйынтык бере алган жок деп табылган. Ошентсе дагы бул ыкманы колдонуу уланууда", — деди Тойматов.

Ошондой эле ал өлкөдө алтыгананы жок кылуу боюнча маселе 2016-жылдан бери көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
өсүмдүктөр, жайыт
Тема боюнча
Керималиев: быйыл былтыркыдан 2,5 миң гектар көп жерге эгин эгилет
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

(жаңыланган 11:19 23.04.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров алимент төлөө кандайча аныктала турганын айтып берди.

Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.

"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.

Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Белгилер:
ата-эне, алименты, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

(жаңыланган 10:44 23.04.2021)
Эне жана баланы коргоо борборунун патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов шал менен ооруган бейтап акыркы жолу 1993-жылы катталганын айтты.

Балдар арасында церебралдык шал, талма жана бала эненин курсагындагы кезинде же төрөлүп жатканда алган жаракатынан улам баш мээнин жабыркашы эң негизги көйгөй. Нерв ооруларынын пайда болушунун себептери баланын тубаса кемтик менен төрөлүшү, аны шарттаган тукум кууган оорулар, ата-эненин ден соолугу, жашоо образы, эненин канынын аздыгы себеп болот. Бул тууралуу Нурмухамед Бабажанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бабажанов: өлкөдө полиомиелит менен ооруган бала жок

Анын айтымында, полиомиелитке каршы балдарды массалык түрдө эмдөөдөн улам азыр өлкөдө бул илдет менен ооруган адам жок.

"Полиомиелит же шал оорусу курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө кичинекей балдар менен өспүрүм курактагылар оорушат. Ошентсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар бар. Оору борбордук нерв системасын, биринчи кезекте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга кептей тургандыгы менен кооптуу. Вирус кан аркылуу жүлүнгө барып булчуңдарды иштете турган мотордук клеткаларды талкалайт. Ошондуктан баланын колу-буту иштебей майып болуп калат. Ошондой эле кээде жутуу жана дем алуу булчуңдары да шал болуп, өлүмгө алып келген учурлар бар. Эгер бала шал болуп калса кайра толук калыбына келе албайт. Кыргызстанда 1960-жылдары полиомиелит менен ооруп калып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо үчүн Ак-Сууда санаторий ачылган. Акыркы жолу шал менен ооруган бейтап 1993-жылы катталган. Ал эми 2010-жылы коңшу Тажикстанда ооругандар катталып, биз үчүн кооптулук жаралган эле. Мурда төрөт үйүндө эле балдардын оозуна шал оорусуна каршы дары тамчылатып койчу элек. Азыр, кудайга шүгүр, аталган илдет менен жабыркаган балдар жок. Бирок дүйнө жүзүндө оору дагы деле бар. Алсак, Кыргызстанга вирустун очогу бар Индия, Пакистандан адамдар келип-кетип жатышат. Ошондуктан азыр улуттук календарь боюнча балдар жылына төрт ирет полиомиелитке каршы вакцина алышы зарыл", — деди Бабажанов.

Дарыгер 2010-жылдан бери шал илдетинин белгилери болгон балдардын анализи тоңдурулуп Москвадагы Чумаков институтуна жөнөтүлүп, ал жактан диагноз коюлуп жатканын кошумчалады.

Белгилер:
өспүрүм, бала, илдет, вирус, нерв, полиомиелит, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Өлкөдө балдарга полиомиелитке каршы вакцина сайыла баштады