Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдраманов: азыр студентте билим менен тажрыйбаны айкалыштырууга мүмкүнчүлүк жок

© Фото / К. ЭргешовКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор кардиохирург Калдарбек Абдраманов. Архив
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор кардиохирург Калдарбек Абдраманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор кардиохирург Калдарбек Абдраманов өлкөдө медициналык билим берүү сапаттан санга өтүп жаткандыгына кейиди.
Абдраманов: азыр студентте билим менен тажрыйбаны айкалыштырууга мүмкүнчүлүк жок

Бир караган кишиге ЖОЖдор көбөйүп, жаңы окуу жайлар ачылып алдыга жылыш бардай көрүнөт. Бирок чынында биз медициналык билим берүүдө сапатты жоготуп жатабыз. Мындай пикирин Калдарбек Абдраманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы медициналык ЖОЖдордо профессорлорду документ үчүн эле каттап коюп, күн кечирип жаткан окуу жайлар бар.

"Мурда биз медициналык институтта окуп жүргөндө 46 предмет болсо ошонун ар биринен профессорлор сабак өтөр эле. Ар бир кафедра жетекчиси негизинен илимдин доктору, профессор болчу. Азыр бул маселеге көңүл бурулбай калды. Ал тургай айрым медициналык окуу жайлар профессорлорду жөн гана отчёт үчүн "сабак берет" деп каттап коюп күн кечирип келет. Мен башка педагогдордун аброюна шек келтиргим келбейт. Бирок профессорлордун азаюусу билим берүүдөгү көйгөй. Айрымдар сырттан кандайдыр бир системаны көчүрүп келип койсок эле билим берүүнүн сапаты жогорулайт деп ойлошот. Кеп системада эмес, кадр маселесинде болууда. Экинчи көйгөй студенттердин алган теориялык билимин тажрыйба жүзүндө ишке ашырууга жетишерлик мүмкүнчүлүгү жоктугу. Анан кантип биз мыкты адистерди даярдап чыгабыз", — деди Абдраманов.

Дарыгер заманбап клиникалык ооруканаларды куруу менен студенттерге тажрыйба жүзүндө билим берүүгө басым жасоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0