Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев. Архивдик сүрөт

Кожошев: ОСАГО быйыл чет мамлекеттен келген машиналарга киргизилет

114
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев 2022-жылдан тарта жалпы автоунаалар үчүн ОСАГО мыйзамы иштеп баштарын айтты.
Кожошев: ОСАГО быйыл чет мамлекеттен келген машиналарга киргизилет

"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу" (ОСАГО) мыйзамы быйыл чет мамлекеттен алып келинген автотранспорттор үчүн киргизилет. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, юридикалык автотранспорттор жана 12 тоннадан ашык жүк ташуучу унаа үчүн аталган мыйзам 2021-жылдан тарта иштеп баштайт.

"Автоунааны камсыздандыруу ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде бар. Анткени бул айдоочу үчүн ыңгайлуу эреже. Ал тургай Афганистанда да бул мыйзам иштейт. Автомобилин камсыздандыруудан өткөрүп алган айдоочулар жол кырсыгына кабылса, камсыздандыруу компаниясы тарабынан 150 000 сомго чейин машинасын оңдотууга берилет. Эгер айдоочу I топтогу майыптык алса 200 000 сом, II топто 150 000 сом, III топтогу майыптыкка кабылган учурда 100 000 сом төлөнөт. Эгер жол кырсыгынын кесепетинен каза болуп калса 300 000 сом берилет. Азыр Кыргызстанда автокырсыктан жылына 1000ге чукул адам көз жумууда. Алардын 30 пайызын жаш балдар түзөт. 3000ден 10 000ге чейинки жүргүнчүлөр түрдүү майыптыктарды алууда. Бул абдан көйгөйлүү маселе. ОСАГО иштеп баштаса, жол кырсыктары кескин азаят деп ишенебиз", — деди Кожошев.

Ал жеңил машиналардын жылдык камсыздандыруу тарифи анын кыймылдаткычынын өлчөмүнө жана чыккан жылына карап, 1680 сомдон 3500 сомго чейин болорун кошумчалады.

114
Белгилер:
эреже, мыйзам, ОСАГО, Арзыбек Кожошев
Тема боюнча
Өкмөт ОСАГО полисин төлөөнү дагы эки жылга жылдырууну колдойт
ОСАГО полисин албагандарга качан айып салына баштайт? Мамфинкөзөмөлдүн жообу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Рысгүл Чыналиева

Чыналиева: эми деле адамдар коронавируска массалык түрдө чалдыгышы мүмкүн

83
(жаңыланган 20:59 20.09.2020)
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Рысгүл Чыналиева коронавируска чалдыккандар азайганы менен санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгы курч экенин айтты.
Чыналиева: эми деле адамдар коронавируска массалык түрдө чалдыгышы мүмкүн

Коронавирус аба аркылуу жуккан оору болгондуктан, күзүндө да адамдардын массалык түрдө ага кабылуу коркунучу турат. Себеби биз санитардык эрежелерге кайдыгер мамиле кылуудабыз. Бул тууралуу Рысгүл Чыналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өлгөндөр миллионго жетип... БУУ COVID көзөмөлдөн чыгып бара жатканын айтты

Анын айтымында, адистер коронавирустун экинчи толкуну өлкөдө сасык тумоо менен кошо келиши мүмкүндүгүн божомолдоп жатышат. Бул октябрь айынын соңуна туура келет.

"Дүйнө жүзү боюнча бул вирустун экинчи толкуну күтүлүп жатат. Айрым мамлекеттер учурда башынан өткөрүүдө. Кыргызстанда да күзгү сезондук грипп, сасык тумоо менен кошо вирус кайрадан күчөшү мүмкүн деген божомол бар. Бул жолкусу деле биз үчүн жайындагыдай коркунучтуу болушу толук ыктымал. Анткени азыр коронавируска чалдыккандардын саны бир аз төмөндөгөндө эпидемиологиялык эрежелерди такыр эле сактабай калдык. Мындай кайдыгерлик аба аркылуу жуккан оорунун тез тарап, бир убакта көп адамга жугуп кетүүсүн шартташы ыктымал. Дарыгерлер болгон аракетин жумшап, сыгып алма суу болсо да коргонуучу костюмдарын сааттап чечпей улут саламаттыгы үчүн күрөшүп жүрүшөт. Коомчулук да өз ден соолугунун жоопкерчилигин алып, эл көп чогулган жайларда бет кап тагынып, желим кол кап кийип, антисептиктерди колдонуп жүрүшү керек", — деди Чыналиева.

Дарыгер кызматкерлер чогулуп иштеген мекемелерде да күндө скрининг жүрүп турса туура болорун кошумчалады.

83
Белгилер:
жоопкерчилик, күз, коронавирус
Тема боюнча
Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек
Алыкул Осмонов атындагу улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева

Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек

19
(жаңыланган 16:51 20.09.2020)
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева китепти жаштар эле эмес, улуу муун деле окубай калганын айтты.
Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек

Ата-энелер балдарына күнүнө жок дегенде 10-15 мүнөт китеп окуп бериши керек. Бул тууралуу Жылдыз Бакашева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар китеп окубайт деген стереотип коомго сиңип калган.

Абдыкерим Муратовдун жаңы романы жарык көрдү

"Азыр жаштар китеп окубай турганы кеңири айтылат. Бирок орто, улуу муундагылар деле китеп окубайт. Ошондуктан кичинекей балдар дагы китепке кызыкпай жатат. Негизи улуу муунга салыштырмалуу жаштар китепти көбүрөөк окуп калганы байкалууда. Алар көбүнчө орус тилиндеги чоң бестселлерлерди издеп таап окушууда. Мына, 14-сентябрдан тарта китепканалар өз ишин баштады. Окурмандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар. Анан эле "жаштар китеп окубайт" деген сөздөр айтыла берет. А эмнеге чоң апа, чоң аталарыбыз китеп окубайт? Аларда деле убакыт кенен эмеспи. Балага ата-энеси, чоң атасы, чоң апасы күнүнө жок дегенде 10-15 мүнөттөн китеп окуса, анда үйдөгү кичинекей балдардын дагы кызыгуусу өсөт. Биз бул багытта "Үй-бүлөлүк окуу борборлорун" түзүп, балдарга 15 мүнөттөн китеп окуп берүүнү демилгелегенбиз. Учурда бул борборлор кадимкидей иш жүргүзүүдө. Бирок мындай долбоорлор эл аралык уюмдардын колдоосу менен болуп, мамлекеттик деңгээлде системалуу түрдө ишке ашпай келет", — деди Бакашева.

Ошондой эле китепкана тарабынан коомду китеп окутууга үндөө, кызыктырууга багытталган бир топ иш-чара быйыл пандемияга байланыштуу өтпөй калганын кошумчалады.

19
Белгилер:
ата-эне, жаштар, китепкана, Жылдыз Бакашева
Тема боюнча
Бүгүндөн тарта өлкөдө музей, китепканалар иштеп баштайт
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

0
(жаңыланган 22:55 20.09.2020)
Пандемиядан улам дээрлик бардык мамлекеттер чек арасын жаап, байланыш чектелген. Эпидемиологиялык абал турукташа баштагандан бери каттамдар жанданууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан 21-сентябрдан тарта  аба жолдору ачылганы айтылат.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Ал эми тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

0
Белгилер:
тест, коронавирус, элчилик, авиакаттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынмай болду
Премьер-министр Россияга болгон авиакаттамдарга чектөөлөр алынарын айтты