Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сурабалдиева: иштин айынан эки бөлөк жашаган чек арачы үй-бүлөлөр бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева чек ара кайтарган жубайларга жеңилдик берүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Сурабалдиева: иштин айынан эки бөлөк жашаган чек арачы үй-бүлөлөр бар

Чек ара кайтарган жубайларга колдоо көрсөтүү керек. Аталган демилге чек арачыларды моралдык колдоого жана алардын үй-бүлөсүн сактап калууга өбөлгө болот. Мындай пикирин Элвира Сурабалдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору экинчи окууда каралмакчы.

"Бир жыл мурун депутаттар тобу "Эркечтам" заставасына барып чек арачылардын иштөө шарттары талкууланган. Ал жактагы кызматкерлердин бири жубайы дагы аскер кызматкери экени, бирок ошол эле учурда үй-бүлө чогуу жашабастыгын айтты. Анткени жубайына өзү иштеп жаткан жерде жумуш жок болгондуктан башка чек ара бекетинде иштөөгө аргасыз экен. Күйөөсү менен чогуу болоюн десе ал жерде жумуш жок, ал эми пенсияга аскер кызматкери катары чыгыш үчүн иш тажрыйбасы жетпейт. Ошондуктан алыскы, жашоо шарты кыйын аймактардагы чек ара заставаларына кызматка чакырылган аскерлердин аялдары да ушул кызматты аркаласа, ага аскер кызматкери катары беш жылга чейин иш тажрыйбасын кошуу боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Бул демилгени үй-бүлөлөрдү бөлбөй, чек арачыларга моралдык колдоо болуш үчүн көтөрүп жатабыз. Белгилей кетүүчү жагдай, чек арачынын жубайына иш тажрыйба гана кошулуп, аларга маяна төлөнбөйт", — деди Сурабалдиева.

Эл өкүлү жубайларга иш тажрыйба кетип жаткан учурда алар жеке менчик жактарда иштешине мыйзам тыюу салбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0