Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: КР жарандарынын Россиядан ипотека алуусуна аракеттер көрүлүүдө

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов эмгек мигранттарынын арзандатылган ипотека алуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Жекшенкулов: КР жарандарынын Россиядан ипотека алуусуна аракеттер көрүлүүдө

Россиядан кыргызстандыктардын ипотека жолу менен турак-жай алуусу эң чоң маселелердин бири. Жергиликтүү жарандар менен тең укукта болбосо да арзаныраак, ыңгайлашкан тартипте ишке ашуусун көздөгөн сүйлөшүүлөрдү дембе-дем жүргүзүп келе жатабыз. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ипотекалык насыя берүүгө Россиялык банктар да кызыкдар.

"Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз жарандарынын бул жактан ипотекалык жол менен турак жайга ээ болуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү тынбай жүргүзүп келебиз. Мындай сунушубузга жергиликтүү банктар да кызыкдар. Улуттук банкты ортого салып бул аракеттерди ишке ашырса болот. Бирок көп жагдайлар биздин мекендештердин өзүнөн көз каранды. Анткени убагында каттоосун узартпай, жергиликтүү мыйзам тартиптерин сактабай иш алып барган кыргызстандыктар да көп. Элчилик дайыма документтериңерге так болгула, бул жакка келерде орус тилин үйрөнүп алгыла деп эскертип келебиз. Албетте, баары эмес, бирок ушундай жоопкерчиликсиз мекендештерибизден азырынча жергиликтүү банктар чочулап турат", — деди Жекшенкулов.

Дипломат аталган маселени чечүүгө Россиядагы кыргыз элчилиги болгон күчүн жумшарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0