Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев

Кожошев: айылдарда 60-70 пайыз үйлөрдүн документи жок

87
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев элге турак жайды камсыздандыруу маданияты жакшы сиңбей жатканын айтты.
Кожошев: айылдарда 60-70 пайыз үйлөрдүн документи жок

Кыргызстандыктарда кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу жакшы өнүккөн эмес. Бул көйгөй айылдарда өзгөчө курч турат. Анткени ал жактагы үй ээлеринин 60-70 пайызы турак жайга тиешелүү документи жок эле жашап келишет. Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, турак жайды камсыздандыруу мыйзамы өлкөдө 2016-жылдан тартып иштеп жатат.

"1995-жылдан баштап өлкө аймагында кандайдыр бир табигый кырсыктан улам жабыркаган үй ээлерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 200 000 сом насыя берилчү. Бул тажрыйба өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган жок. Анткени тургундар алган каражатты убагында мамлекетке кайтарып бере албаган учурлар көп кездешти. Анын натыйжасында чет өлкөлүк ыкмаларды карап чыгып, турак жайларды мамлекеттик же жеке менчик компания аркылуу камсыздандыруу киргизилди. 2016-жылы бул багытта мыйзам иштелип чыгып, ошондон бери күчүндө десек болот. Бирок бул аракеттер деле жемишин бере элек. Анткени биздин эл там-ташын камсыздандырууну артык баш иш катары баалап, кош көңүл мамиле жасоодо. Өзгөчө айыл тургундарынын 60-70 пайызы турак жайларынын документтерин толук бүтүрбөй эле күн кечирип жаткандар экен. Балким мунун себеби маалыматтын жетишсиздиги болуп жаткандыр", — деди Кожошев.

Аткаминер турак жайды камсыздандыруу тарифи калаа тургундары үчүн жылына 1 200, ал эми кыштактагыларга 600 сомду түзөрүн кошумчалады.

87
Белгилер:
тариф, камсыздандыруу, турак-жай, Арзыбек Кожошев
Тема боюнча
Кожошев: ОСАГО быйыл чет мамлекеттен келген машиналарга киргизилет
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов

Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

61
(жаңыланган 15:05 29.11.2020)
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов чет өлкөдө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюмдун ачылгандыгын айтты.
Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

2021-жылдын күзүндө окуучулар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен АКШнын жана Европанын окуу жайларына жиберилет. Бул тууралуу Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө билим алган тажрыйбалуу адистер уюмдун ишин жүргүзөт. Учурда финансы маселеси иштелип жатат.

"Global Education Foundation (GEF) жалпы билим берүүгө салым кошолу деген жакшы максат менен ачылды. Биз өзүбүз ишкерлик менен алек болобуз. Фонддун түптөөчүлөрү эки киши. Алардын бири — Алмаз Арапов. Ал 3-4 жылдан бери балдарды чет өлкөгө коммерциялык негизде окууга жөнөтүп келген. Анын тажрыйбасын жана менин да ишкерлер менен иштешүү тажрыйбамды эске алып, уюмду ачтык. Чет өлкөдө окуу ар биринин кыялы болуш керек. Ошол себептен сыртта окуп гана калбастан билим, тажрыйба алып, Кыргызстанга келип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деген үмүттөбүз. Балдарды тандап алууда атайын критерийлерди койгонбуз. Тандоо ачык-айкын болушу үчүн билим берүүдө тажрыйбасы бар, таанымал адамдардан комиссия түзөлү деп жатабыз. Алар атайын конкурстук негизде тандашат. Негизги талап англис тилин жакшы билиши керек. Бюджеттик орундарга жараша мыктылары тандалып, чет өлкөгө жөнөтүлөт", — деди Арзыкулов.

Ошондой эле ишкер мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөгө жиберүү, жакшы окуган окуучуларга стипендия төлөп берүү иштери да пландалып жаткандыгын кошумчалады.

61
Белгилер:
жаштар, чет өлкө, билим берүү
Тема боюнча
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев

Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

9
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү бийликтин маалымат алмашуусу чабал экенин айтты.
Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым мыйзамдар жергиликтүү бийликтин ишин илгерилетпей эле, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратат. Бирок ал кабыл алынган мыйзам кандай иштеп жатат, таасири оңбу же терспи деп иликтенип, жыйынтык чыгарылбайт.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аталган тармактагы бийлик органдарына тиешелүү мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын иликтеген доклад даярдап, аны Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Эми экинчи докладда дагы да жөнөкөйлөштүрүп, мыйзамдарды топторго бөлүп жазып чыгып президентке сунуштайбыз. Бул иликтөөнүн үстүндө иштеп жатканда көптөгөн ары кызыктуу, ары кейиштүү окуяларга күбө болдук. Мисалы, алыс барбай борбор калааны эле ала турган болсок, вице-мэрлерди мэр дайындайбы же ким тарабынан бекитилери мыйзамдарда так жазылбай калган. Ошондой эле аймактарда акысыз юридикалык консультация бере турган бирден юрист болуусу тууралуу мыйзам кабыл алынган, бирок аны аткаруу механизми көрсөтүлгөн эмес. Атайын штаттык бирдик бөлүнбөйт. Айыл өкмөтү же мэр юристти кызматка алуусу үчүн башка бир штаттык бирдикти бошотушу керек. Аймактарда бул чоң көйгөй. Анткени 5-10 миң сомдук айлык акыга эч ким барбайт. Ушул сыяктуу чийки жазылган жана бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Мунун баары Жогорку Кеңештин өз функциясын так аткарбай жаткандыгында, анткени бул орган жазылган мыйзамдардын аткарылышын да көзөмөлдөшү керек", — деди Орозбаев.

Ал республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджетти теңдештирмейин өлкөдөгү экономикалык, саясий маселелер чечилбейт деген пикирин кошумчалады.

9
Белгилер:
көзөмөл, мыйзам, башкаруу
Тема боюнча
Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA тарткан видео

0
NASA агенттигинин планета аралык "Юнона" станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

"Юнона" миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет "Галилео" станциясы тегерете байкоо салган.

0
Белгилер:
Юпитер, видео, планета, NASA
Тема боюнча
Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт