Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Романов: коомдук иш жазасына тартылгандар күнүнө төрт саат гана иштейт

© Sputnik / Эркин СадыковНачальник Управления учета и мониторинга Департамента пробации при Минюсте КР Руслан Романов
Начальник Управления учета и мониторинга Департамента пробации при Минюсте КР Руслан Романов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов 2019-жылы кабыл алынган кодекстерде мыйзам бузгандарды жазага тартуу гумандаштырылганын айтты.
Романов: коомдук иш жазасына тартылгандар күнүнө төрт саат гана иштейт

Коомдук иштерге тартуу өкмөт, жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлөт. Жазанын аталган түрүн өтөгөндөр күнүнө төрт саат гана иштешет. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гумандаштырууга багытталган жаза колдонуунун түрлөрү бар.

"Жазык жана Жоруктар кодексине ылайык, коомдук иштерге тартуу, кызматтан бошотуу же белгилүү бир иш менен алектенүүсүнө чектөө сыяктуу жазалар колдонулат. Бул багытта жашы жете электерге өзгөчө көңүл бурулат. Аларга жогорудагы жазалар колдонулса дагы иш ата-энесинин катышуусу менен жүрөт. Мыйзамда кайсы учурларда коомдук иштерге тартыла турганы так жазылган. Сот чечими күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде пробациянын кардары болуп эсептелет. Натыйжада ал 10 күн аралыгында пробация органына каттоого турушу зарыл. Коомдук иштерге тартуу өкмөт, жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлөт. Алар жаза өтөп жаткан адамдын жашаган жерине жараша атайын объектилерди аныктап беришет. Коомдук ишке тартылгандар күнүнө төрт саат гана иштешет. Эгерде кардар макул болсо, сегиз саат иштегенге уруксат берилет", — деди Романов.

Ошондой эле ал пробация кызматы жазасына, кылган кылмышына, улутуна жана башка жагдайларына карабастан көрсөтүлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0