Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсункулова: стресс иммунитетти түшүрөт, аны көтөрүүнүн жолу бар

© Фото / Самуэль СактанбековВрач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова иммунитетти кантип туура жана ыкчам көтөрүү керектиги тууралуу айтып берди.
Турсункулова: стресс иммунитетти түшүрөт, аны көтөрүүнүн жолу бар

Иммунитеттин түшүп кетүүсүнө биринчи кезекте кортизол гормону себеп болот. Ал стресс учурунда пайда болгондуктан стресс гормону деп да аталат. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр адамдарда коронавирустан улам кортизолдун деңгээли көтөрүлүп кетүү коркунучу бар.

"Ушу тапта бардык адамдар, ал тургай медицина кызматкерлери да стресс абалында жашап жатабыз. Анткени дүйнөнү каптаган COVID-19 баарыбызды чочуган, корккон, тынчсызданган абалга кептеп койду. Мындай учурда адамдын организминде кортизол гормону пайда болуп, жыйынтыгында иммунитет түшүп кетет. Андыктан ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүүсү азыр абдан маанилүү болуп турат. Бул үчүн жашылча-жемиштерден, ашкөк жана башка тамакка кошуучу органикалык татымалдардан көбүрөөк жеп, организмге керектүү витаминдерди накта азык-түлүк аркылуу алганга аракет кылыш керек. Жарым-жартылай даяр тамактардан алыс болуп, суюктукту көбүрөөк ичүү зарыл. Күнүнө 40-60 мүнөт көнүгүү жасап, жөө басып активдүү кыймылда болуп, жети сааттан кем эмес уктоо талапка ылайык. Ошондо биз иммунитетти ыкчам жана туура көтөргөн болобуз", — деди Турсункулова.

Дарыгер узак убакытка стресс абалында жүрүү өнөкөт ооруларды козгой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0