Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыргызбаев: салыштырмалуу былтыр эмдөөдөн баш тарткандар азайды

© Фото / Умут БейшеналиеваСаламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны жылдан-жалга азайып жаткандыгын айтты.
Кыргызбаев: салыштырмалуу былтыр эмдөөдөн баш тарткандар азайды

2018-жылы ар кандай себептер менен эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөрдүн саны 8 500гө жетсе, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин бул көрсөткүч бир жыл аралыгында 2000ге кыскарды. Бул тууралуу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы 6 500 үй-бүлө балдарын эмдетүүдөн баш тарткан.

"Эмдөөдөн баш тарткандардын саны жылдан-жылга азаюуда. Бул түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасы. Тилекке каршы, салттуу исламды туура эмес түшүнгөн үй-бүлөлөр арасында аталган маселе курч турчу. Муфтият менен тыгыз иштешүүнүн негизинде көйгөйдү чечтик десем болот. Анткени диний кызматкерлер, мечит имамдары эмдөөнүн зарылдыгын жума сайын айтып, жергиликтүү телеканалдар, радиолор аркылуу маалыматтар дембе-дем берилип турду. Анын жыйынтыгында 2018-жылы 8500 үй-бүлө вакцина алуудан баш тартса, 2019-жылы 6500гө түштү. 2020-жылдын жыйынтыгын азырынча айта албайбыз, анткени коронавирус пандемиясы учурунда эмдөөлөр жалпы токтотулган эле", — деди Кыргызбаев.

Дарыгер эмдөөгө динде тыюу салынбагандыгын белгилеп, көбүнесе убагында эмдетпей койгон ымыркайлар тигил же бул оорудан чарчап калып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0