Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов. Архив

Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт

74
(жаңыланган 12:49 03.07.2020)
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов алдыда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт иштерине пандемияга байланыштуу бир топ эреже киргизилерин айтты.
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт

Жогорку Кеңешке шайлоо жараянын өткөрүүгө мурдагылардан айырмаланып бир топ санитардык эреже киргизилет. Мындай кадамдар коронавируска байланыштуу болот. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, БШК үгүт иштери учурунда партияларды санитардык эрежелерди аткарууга милдеттендирген укуктук актыларды иштеп чыкты.

"Быйыл 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо мурдагыларынан өзгөчө болот. Анткени мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерге кошумча дагы санитардык тартиптер киргизилет. Мунун баары коронавирустун калк арасына жайылуусуна жол бербөө максатын көздөйт. Ал үчүн талапкерлерге үгүт иштеринин 50 пайызга чейинкисин аралыктан, ЖМКлар аркылуу жүргүзүү тапшырмасы берилет. Бул көрсөткүч мурда 30 пайыздан ашпоосу керек эле. Мындан сырткары, шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүнү каалашса, азыркы учурдагы талапка ылайык, бир топко 50дөн ашык эмес гана адам чогултууга жана аларды коопсуздук аралыгын сактоо менен жайгаштырууга милдеттендирилет. Бул багытта атайын укуктук актылар иштелип чыкты", — деди Бекматов.

Ал ошондой эле санитардык талаптарды аткарбаган партиялар жоопко тартыларын кошумчалады.

74
Белгилер:
коронавирус, шайлоо, Абдыжапар Бекматов
Тема:
Шайлоо-2020 (41)
Тема боюнча
Бекматов: убактылуу каттоого тургандар ал жерде шайлоого катыша албайт
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы "шамала"

156
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков технологиянын өнүгүүсү менен көп буюмдар колдонулбаса да алардын аталышын биле жүрүү керектигин айтты.
Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"

Асман тиреген хан ордолордун күн тийбеген жерлеринде күнү-түнү жарык берип турган мом чырактар болгон. Ал сөз эпосто "шамала" деп берилет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, "Манас" десе эле боз үйлөрдү тигип алып, караңгычылык өкүм сүргөн заманды түшүнбөш керек.

Талантбеков: "Манас" эпосунда тиш чукугучтун аталышы бар

"Эпосто көптөгөн хан сарайлар бар. Ошол эле кыргыз, кытай жана башка элдердеги асман тиреген хан ордолордун күн тийбеген жерлеринде күнү-түнү жарык берип турган мом чырактар болгон. Ал кадимки эле биз колдонуп жүргөн факел. Технология өсүп-өнүгүп, ГЭС, ЖЭБдер курулуп, бул буюм колдонулбай калды. Андыктан аны кинолордон, олимпиадада көрүп калуудабыз. Негизи "Манаста" мына ушул мом чырактарды ошол учурдагы жарыктандыруу системасы катары түшүнсөк болот. Аны "Манас" эпосунан дагы кездештиребиз, "шамала" деп берилет", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда мом чырактар күнүмдүк колдонуудан чыгып калганы менен анын аталышын билип алуу ашыкча болбой турганын кошумчалады.

156
Белгилер:
буюм, Технологиялар, сөз, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "сүт мал" деген үстөккө берилген пайданы түшүндүрөт
Кыргызстандын эмерекчилер ассоциациясынын мүчөсү, ишкер Нурлан Токомбаев. Архивдик сүрөт

Токомбаев: пандемияда кызматкерлердин маянасы үчүн иштедик

23
Кыргызстандын эмерекчилер ассоциациясынын мүчөсү, ишкер Нурлан Токомбаев пандемияга байланыштуу карантинден кийин акырындан иш жандана баштаганын айтты.
Токомбаев: пандемияда кызматкерлердин маянасы үчүн иштедик

Пандемияга байланыштуу ишти токтотпогонго аракет жасалды. Себеби кызматкерлер каражат таап, үй-бүлөсүн багышы керек. Бул тууралуу Нурлан Токомбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкана пандемия башталганда сырьену алдын ала даярдап алган.

Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги

"Эпидемия учурунда кызматкерлерге маска кийгизип, санитардык талаптарды аткарууга аракет кылдык. Ошого карабастан айрымдарына коомдук транспортко түшүүгө туура келет, кээ бирлери тууган-туушканына жолугат экен. Көпчүлүгү ооруп кайра сакайды деп ойлойбуз. Ошентсе дагы негизинен иш токтогон жок. Себеби кызматкерлер каражат таап, үй-бүлөсүн багышы керек. Соода аябай жакшы болуп кетпесе дагы маянаны төлөп берип жаттык. Карантин учурунда тапшырыктарды аралыктан интернет аркылуу алууга аракет кылып, ал аянтчаны соода кылууга колдондук. Бирок баары бир кардарлар менен көрүшүүгө туура келген учурлар болду", — деди Токомбаев.

Ишкер пандемияга карабастан Түркия жана Италиядан инвесторлор менен иштешүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

23
Белгилер:
коронавирус, пандемия, ишкер
Тема боюнча
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Россиянын коронавируска каршы вакцинасы

Коронавируска каршы вакцина: гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй

0
(жаңыланган 22:59 12.08.2020)
Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнүн жар салды. Колдоп ыраазычылык айткандар, сындап нааразы болгондор да кездешти дейт дарыгер Сергей Царенко.

Биз, дарыгерлер, коронавирус жуккан бейтаптарды дарылап айыктырууда моноклоналдык антителону, стероиддерди, вируска каршы дарыларды колдонуп, ийгиликке жеттик. Ооругандар азыраак көз жума баштады, ал эми оор абалда жаткандарды баары бир өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырууга аргасыз болдук.

Ар бир он кишинин алты-сегизи оорукана ичиндеги инфекциядан каза тапты. Андай ноокастарды жаңы антибиотиктер сактап калмак эле. Бирок аларды иштеп чыгуу үчүн көп жылдар керек. Дагы башка жолу бар. Ал – адамдарды оору жуктурбай аман алып калуу. Бардык жагынан алганда бул жакшы. Адам оорубайт, айланадагыларына илдетти жуктурбайт. Негизи адам кеселге канчалык туруштук берсе, коомчулуктун иммундук катмары калың болуп, эпидемия эртерээк кайтат.

Путин COVID-19га каршы россиялык алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн кабарлады

Азырынча ооруга болгон туруктуулук эгерде ал ооруп айыкса гана калыптанат. Дагы бир коопсуз жолу бар, ал — иммунизация. Анан калса Гамалея институтунун адистери иштеп чыккан майнаптуу жана коопсуз вакцина бар. Бул институт автомобиль курууда "Мерседес" кандай кадыр-барктуу бренд болсо, микробиологияда дал ошондой дөө-шаа.

Мен академиктер Гинцбург менен Логуновду көп жылдан бери жакшы билем. Алардын кызматкерлери менен туруктуу бактерияларга каршы күрөшүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгып келе жатабыз. Мындан сырткары, Эбола жана MERS вирусуна каршы вакцина чыгарышты. Жөн гана ойлоп чыгарып коюшпай, аны майнаптуу жана коопсуз кылышты.

Адам үчүн коопсуз болгон аденовирус ташып жүрүүчү ракета сымал орбиталдык станцияга коронавирустун кичинекей бөлүгүн жармаштырып койду. Аны адамдын ичине, организмине кое берди. Мындан улам экөөндө тең иммунитет пайда болду. Ийгиликти бекемдеш үчүн ошондой эле "орбиталдык станцияны" башка аденовируска "ташып жүрүүчү ракетага" кое беришти. Кайрадан иммунитет пайда болду. Жыйынтыгында эки аденовируста алсызыраак (себеби ал организмге кереги жок да), ал эми коронавирустан — туруктуу жана ишенимдүү иммундук коргоо жаралды. Сонун, гениалдуу.

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

Вакцинаны ыктыярчы адамдарга сынап көрүштү. Алардын бардыгы Гамалея институтунун кызматкерлери эле. Алар аркылуу биринчи поезд өттү! Мындан кийин вакцинаны аскер кызматкерлерине сынашты. Биринин да ден соолугунда көйгөй жаралган жок, бардыгында кубаттуу бир иммунитет пайда болду.

Албетте, бүткөн ишке сынчы көп. Басылмаларда сындар жаады. Көп сөздөр айтылды. Акыркысына эле токтолсок, чочуй тургандай нерсе. Инфекцияны толук жок кылбайт же антитело вирустун клеткага киришинин натыйжалуулугун күчтөндүрөт (ADE) дешти. Бул адис эместер үчүн коркунучтуу. Ал эми вирусологдор ADE натыйжасы Денге лихорадкасы үчүн эле эмес, вакцинация менен да байланышпагандыгын билишет. Калган учурларды майнапты пробиркадан гана көрүшөт.

Ушул жерден суроо жаралат. Басылмалардагы бул кампанияны ким каржылап жатат? "Көз карандысыз" эксперттер кимден көз каранды? Полишинель сыры: россиялык окумуштуулардан артта калып калган башка вакциналардын өндүрүүчүлөрүнөн көз каранды. Дагы вируска каршы дарыларды чыгаргандар бар. Кээде ал препараттар оору менен күрөшүүдө майнабын берет. Бирок ал оорунун жеңил түрүнө кабылганда жардамчы, бирок башка кыйыр таасирлери толтура.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Иштеп жүргөн бизге окшогон дарыгерлер, мисалы, ушундай майда нерселерди көргөндө уяласың. Бизге качан коронавирус жуктурган бейтаптар келбей калат, эпидемиядан улам кол жетпей жаткан башка ооруларды качан дарылайбыз деп күтөбүз.

0
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт