Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумалиев: быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев республикада оруп-жыюу иштери башталгандыгын билдирди.
Жумалиев: быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз

Өлкөнүн айрым аймактарында оруп-жыюу иштери жүргүзүлүүдө. Пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында быйыл дан эгиндери 20 миң гектарга көп эгилди. Натыйжада 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан.

"Кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыюу иштери Баткендин Кадамжай районунда 11-июнда башталган. Андан кийин Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жүргүзүлө баштады. Өкмөттүн буйругун аткаруу максатында облустук, райондук штабдар иш алып барууда. Анын алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун графиги иштелип чыкты. Анда кайсы райондо дан эгиндери бышып кала турганына ылайыкталып, комбайндардын маршруттук схемасы бекитилген. Эң негизги максат техникаларды өз учурунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тийиштүү иштер жасалууда. Ошондой эле дан эгиндери быша элек аймактардан комбайндар, оруп-жыюу иштери жүрүп жаткан жерлерге тартылууда. Быйыл буудайдын түшүмдүүлүгү гектарынан 30-34 центнерден болуп жатат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,5 центнерге көп дегенди билдирет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында комбайн акысына дыйкандар 3000 сомдон жогору төлөшүүдө. Ал эми Чүй облусунда бул көрсөткүч 1,5-2 миң сомдун айланасында болуп жатат. Мындан тышкары, пандемияга байланыштуу өлкөнү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында быйыл дан эгиндери 20 миң гектарга көп эгилди. Алсак, буудай сегиз миң гектарга көбүрөөк себилген. Быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз", — деди Жумалиев.

Ошондой эле оруп-жыюу иштерин өз учурунда бүтүрүү аракети менен бирге эгин талааларында өрт чыгуу коркунучунун алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0