Июнда 5 миллиард 313 миллион салык чогултуу пландалган болсо, 6 миллиард 622 миллион сом салык чогултулуп, план 124 пайызга аткарылды. Анткен менен алты айдын жыйынтыгы аткарылбай, 5 миллиард сомдун тегерегинде салык чогулбай калды. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, салык төлөөнү жарандар мобилдик банкинг, терминалдар, банктар аркылуу аралыктан ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүктөр бар.
Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды
"Коронавирустан улам киргизилген карантинге байланыштуу ишкерлерге тийиштүү жеңилдиктер берилген. Мисалы, салыктар өз убагында төлөнбөсө, туумдар өспөйт, отчеттор 1-июлга чейин токтотулган. Ошондой эле салыктык текшерүүлөр 2021-жылдын 1-январына чейин жүргүзүлбөйт. Мындан тышкары, пандемия учурунда карыздары топтолуп калган болсо, аны бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар. Абалдын ушундай экенине карабастан салык органдары карантин бүтөрү менен толук кандуу ишке киришти. Ошондой эле ишкерлер дагы бизнесин жандантып, салык төлөй башташты. Натыйжада июнь айында 5 миллиард 313 миллион салык чогултуу пландалган болсо, 6 миллиард 622 миллион сом чогултулуп, план 124 пайызга аткарылды. Анткен менен эпидемиологиялык абалдан улам алты айдын жыйынтыгын толук аткарууга мүмкүн болгон жок. Тактап айтканда, 5 миллиард сомдун тегерегинде салык чогулбай калды. Бул кем-карч жылдын этегине чейин жоюлат деген ишеним бар. Анткени учурда жер-жерлерде тийиштүү аналитикалык иштер жүргүзүлүүдө", — деди Сазыков.
Ошондой эле ал жарандар жергиликтүү салыктарды 1-сентябрга чейин төлөшү керектигин кошумчалады.
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.
Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.
"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.
Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан төрт соода-логистикалык борбор курууга макулдашты. Мындан тышкары, Өзбекстан менен дагы келишим бар. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскар Жаныбеков билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде министр жакында эле өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында соода-логистикалык борборлор боюнча маселе талкууланганын билдирди.
"Негизи биз макулдаштык. Казак тарап каржылоого даяр. Учурда шарттарын талкуулап жатабыз. Товарларды Казакстанга экспорттоо үчүн жана транзит менен алып өтүү максатында Чүй облусунда үч борбор ачылат. Ал эми төртүнчүсү Ысык-Көлгө курулат", — деди Жаныбеков.
Министр президент Садыр Жапаров Өзбекстанга барганда Кыргызстандын аймагына соода-логистикалык борбор курууну сүйлөшүп келгенин дагы эске салды. Курулуш ишин өзбек тарап каржыламай болгон. Жаныбеков Өзбекстан менен биргеликте канча борбор куруларын тактаган жок.