Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батыралиев: пандемия 1-2 айда бүтүп калчу иш эмес

© Sputnik / Жоомарт УраимовМедицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев өкмөт башчынын жана Республикалык штабдын чакырыгын ар бир жаран аткарууга милдеттүү экенин айтты.
Батыралиев: пандемия 1-2 айда бүтүп калчу иш эмес

Эгер жугуштуу оору кичинекей эле аймакта чыкса, бул "вспышка" деп айтылат. Бир мамлекетти вирус каптаса эпидемия болсо, ал эми бүткүл дүйнө боюнча тараса, анда пандемия делет. Ошондуктан коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө бүтүндөй планета бир муштумдай биригип, иш алып барышы керек. Бул тууралуу Талант Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы абалда башкасын коюп, Кыргызстанды пандемиядан кантип чыгарабыз деген маселе биринчи орунда болушу керек.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

"Азыркы кырдаалда Кыргызстандагы менчик ооруканаларга да оорчулук келди. Ошого карабастан кадимкидей режимде эле иштөөдө. Бишкекте менчик ооруканалар аз. Көбү профилдүү болгонуна карабай, жабылып калбастан оору менен күрөшүүгө жардам берип жатышат. Азыр ар бир жарандын жоопкерчиликтүү иш-аракети ооруну жеңүүгө кошкон салым болот. Ошондуктан өкмөт башчынын, Республикалык штабдын чакырыгын аткарууга милдеттүүбүз. Пандемияны биз согуш катары кабыл алып, мамлекеттик деңгээлде өтүп жаткан вирус менен күрөшүү иш-чараларына ар бирибиз катышышыбыз керек. Андан тышкары, Республикалык штаб аткарып жаткан иштен кынтык издеген шайлоого барчу адамдар мындан саясий упай топтойм деп ойлобосун. Учурда негизги маселе — бул пандемиядан чыгуу. Пандемия эртең бүтүп калчу маселе эмес. Россия, Америка сыяктуу чоң мамлекеттер андан чыгып кетүү планын 1,5-2 жыл деп түзүп жатышат. Ал эми бизде канчалык катуу даярдык болсо, вирус менен күрөшүү ошончо жеңил өтөт деп айтат элем", — деди Батыралиев.

Ал бийлик бутактары, бейөкмөт уюмдар өкмөт башчынын, штабдын талаптарын конкреттүү түрдө ишке ашырууга аракет кылса, жыйынтыгы жакшы болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0