Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: "Манас" эпосунда тиш чукугучтун аталышы бар

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков күнүмдүк турмушта кыргыз тилин жакшы билгендер 500-600, ал эми билбегендер 200-300 сөз колдоно турганын айтты.
Талантбеков: "Манас" эпосунда тиш чукугучтун аталышы бар

Тиш чукугуч "Манас" эпосунда "данданкү" деп аталат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, бул сөз айрым жерлерде "данданкү", башка булактарда "дандакүү" деп дагы кездешет.

Талантбеков: "Манас" эпосунда тырмак алгыч "тырабдал" деп айтылат

"Күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдардын арасында "зубочистка" же болбосо эки сөз, төрт муундан турган "тиш чукугуч" деген бар. А чынында бул сөз "Манаста" "данданкү" деп колдонула турганы маалым. Ала турган болсок, эпосто дасторкондо тамак-аштын түрү, нандын эле 90 түрү бар экени сүрөттөлөт. Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, адамдын көөнү, пейили толуп турганы сүрөттөлөт. Тиш чукугуч ошол доордо дагы бүгүнкүдөй атайын идишке топтолуп турчу экен. Мына ошону көргөн Манас атабыздын "данданкү мынча, эт канча?" дегени бар. Бул жерден тиш чукугучуң эле мынча болсо, этиң канча деген тамаша сөздү түшүнөбүз", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал күнүмдүк турмушта ушундай көөнө сөздөрдү колдонуу тилдин байышына алып келе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0