Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Естебесова: пульсоксиметрдин ордуна смартфондогу тиркемени колдонсо болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова пневмонияга чалдыккан учурда өпкөнүн иштөөсүн текшерген пульсоксиметрдин мобилдик тиркемесин колдонсо болорун айтты.
Естебесова: пульсоксиметрдин ордуна смартфондогу тиркемени колдонсо болот

Организмди кычкылтек менен камсыздап турган өпкө пневмонияга чалдыккан учурда иштөөсү бузулат. Муну биз пульсоксиметр менен ченеп билебиз. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда

Анын айтымында, учурда пульсоксиметр аппараттары 300 сомдон 100 долларга чейин сатылууда.

"Адамдын өпкөсү жабыркаганда биринчи эле дем алуусу оорлошот. Канда кычкылтек жетишсиз болуп башка органдар да жабыркайт. Канга кычкылтек канчалык деңгээлде жетип жаткандыгын пульсоксиметр менен өлчөйбүз. Бирок бул аппаратты бейтап сатып алса, ал айыккан соң кереги жок болуп калат. Азыр айрым смартфондордо жана колго тагынган спорттук билериктерде бул жабдуу бар экен. Биз дарыгерлер колдонгон пульсоксиметр менен салыштырсак көрсөткүчтөрү дээрлик бирдей чыкты. Демек бейтаптар бул каражаттарды да колдоно берсе болот", — деди Естебесова.

Дарыгер Samsung смартфондорундагы Samsung health тиркемесин медициналык пульсоксиметр менен салыштырып көрүшкөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0