Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиева: коронавирус кан аркылуу жукпайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовРеспубликалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева
Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева эпидемияга байланыштуу донорлордон кан алуу кыйла түйшүк жаратканын айтты.
Сатыбалдиева: коронавирус кан аркылуу жукпайт

Коронавирус кан аркылуу жукпайт. Ага карабастан учурда донорлордун дене табы, абалы, жөтөлүп, чүчкүрбөгөнү текшерилүүдө. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирустук эпидемияга байланыштуу кан тапшыргандарга талап күчөтүлгөн.

Бишкекте беш лаборатория иммуноферменттик анализ ала баштады. Тизме

"Мурда кандын тобу, гемоглабини, кан басым салмагы каралса, азыр коронавируска байланыштуу дене табы, абалы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Донорлор маска кийип, антисептик колдонуп, толугу менен тийиштүү талаптарга ылайык каттоодон өтүүдө. Ал эми Кан борборунда бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталып жатат. Саламаттык сактоо уюмунун негиздемесине ылайык, коронавирус кан аркылуу жукпайт.  Вирус жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Ага карабастан эч кандай симптому жок донорлор болуп калбасын деп, алардын дене табы, жөтөл, энтигүүсү текшерүүдөн өтөт. Эгер жогоруда аталган белгилердин бирөө эле аныкталып калса, булардан кан алынбайт. Андан тышкары, кан аркылуу жуга турган инфекцияларга да текшерилет", — деди Сатыбалдиева.

Ошондой эле ал кандын плазмасы үч жылга чейин сактала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0