Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтикеев: азыр Бишкекте запаста 141 миң тонна көмүр бар

© Фото / Тагжана АйдаралиеваТехнический директор ОАО «Электрические станции» Алтынбек Айтикеев
Технический директор ОАО «Электрические станции» Алтынбек Айтикеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Алтынбек Айтикеев кышка даярдык өз нугунда жүрүп жатканын айтты.
Айтикеев: азыр Бишкекте запаста 141 миң тонна көмүр бар

Оңдоп-түзөө иштери боюнча жылдык график түзүлгөн. Биздин компанияда даярдыктар жыл мурунтан башталып, план түзүлүп, керектүү жабдыктар алдын ала алынат. Ошондуктан пандемия башталганга чейин эле Россиядан керектүү шаймандар келген. Бул тууралуу Алтынбек Айтикеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Ат-Башы жана Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде реконструкция иштери жүрүүдө.

"Электр станциялары" ААКсы электр жана жылуулук энергиясын өндүргөн компания. Бизге Ат-Башы, Камбар-Ата-2, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери жана Бишкек, Ош шаардык жылуулук электр борборлору карайт. Милдетибиз — электр жана жылуулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо. Ошондуктан компаниянын кызматкерлери күнү-түнү талыкпай эмгектенүүдө. Учурда кышка даярдык толугу менен график боюнча жүрүүдө. Кызматкерлер ремонтко керектүү шаймандар менен камсыз болушкан. 2020-жылы план боюнча 14,6 миллиард киловатт саат электр энергиясын, ал эми 2,1 миллион гигакалорий жылуулук энергиясын өндүрүшүбүз керек. Ал эми айдын аягында Токтогул суу сактагычына 14 451 миллион куб суу толуусун күтүп жатабыз. Андан тышкары, көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Келишим түзүлсө, ЖЭБдин кампасына кара алтын келе баштайт. Азыр Бишкекте запаста 141 миң тонна көмүрүбүз бар. Абалга жараша ишти илгерилетүү үчүн күн сайын филиалдар менен видеокеңешме өткөрүп жатабыз", — деди Айтикеев.

Ал электр энергиясы менен камсыздоодо ички муктаждыкты жабууга Кыргызстандын өзүнүн кудурети толук жетерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0