Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева

Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер

83
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банктарга алгач коронавирустан жабыр тарткан насыя алуучуларга жеңилдик берүү сунушталганын айтты.
Карабаева: насыя боюнча жеңилдик алгандардын 28%ы соодагер

Эпидемияга байланыштуу насыя төлөө боюнча жеңилдик берилгендердин 28 пайызы соода-сатык, ал эми 14,7 пайызы айыл чарба тармагында ишкерлик менен алектенгендер. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, банктар дагы ишкерликтин бир түрү болгондуктан берилген жеңилдиктер насыяны кечип коюу дегенди түшүндүрбөйт.

Алтын сатылбайт, эски акчалар алмаштырылбайт. Улуттук банктагы өзгөрүүлөр

"Жеңилдик алуу боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Ар бир кардардын кайрылуусу банктар тарабынан индивидуалдуу түрдө каралды. Жеңилдик берилген тармактардын статистикасына ылайык, соода-сатык менен алектенгендер 28 пайыз, айыл чарба тармагында иштегендер 14,7 пайыз, курулуш багытында иш алып баргандар 11 пайызды түздү. Ошондой эле керектөөчү насыялар 10 пайызды түзсө, башка насыялар да 10 пайызга жеткен. Мындан тышкары, ипотека алгандардын 7,1 пайызы, өнөр жайындагылардын 7,8 пайызы, байланыш тармагындагылардын 5,8 пайызы жеңилдик алышкан. Кардарлар бул жеңилдиктер убактылуу берилгенин түшүнүүсү зарыл. Анткени банктар насыя берүү үчүн жарандардан депозиттерди алган. Алардын дивиденддерин төлөп бериши керек", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө банк системасында үч миллионго жакын кишинин жалпы 156 миллиард сом депозити бар экенин кошумчалады.

83
Белгилер:
жеңилдик, эпидемия, депозит, Улуттук банк, Аида Карабаева
Тема боюнча
Карабаева: мөөнөтү жылдырылган насыялар жалпы 74,5 млрд сомду түздү
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

84
(жаңыланган 14:11 14.05.2021)
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.

Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.

"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.

84
Белгилер:
Токтобек Үсөнов, маданият, кино, сценарий
Тема боюнча
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

42
(жаңыланган 14:10 14.05.2021)
Павлония дарагын өстүрүп, жайылтып жүргөн Эрмек Кубатаев аталган дарактын пайдалуу жактарын санап берди.

Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу үч эсе бышык болуп, аны мите курт жебейт. Бул тууралуу Эрмек Кубатаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кубатаев: павлония дарагын көмүр ордуна колдонсо болот

Анын айтымында, павлония климатка жараша бир сезондо үчтөн тогуз метрге чейин өсөт.

"Павлония дарагы кызыл карагайга салыштырмалуу эки эсе жеңил, үч эсе бышык жана бир топ ийилчээк болот. Курамында танин жана павлонин болгондуктан мите курт жебейт. Ошондуктан серфинг үчүн такталар жана яхта, кемелер жасалат. Мындан тышкары, курамында чайыр жок болгондуктан өрткө туруктуу. Алсак, карагай, кадимки жыгач отундар 230-250 градуста жалындап күйсө, павлония 420-430 градуста гана дүркүрөп күйөт. Ысык-Көлдө бир жылкы сөңгөгүн кесип, күйгүзүп көрсө тутанбай койгон экен. Ошондо отунга да жарабайт турбайбы деген пикирге келишкен. Чынында анын табы күч болгондуктан тутантып алып, анан жагыш керек. Натыйжада көмүрдөй эле тап берет. Европада аны био отун катары колдонушат. Павлония Кыргызстандын шартында климатка жараша жаздан күзгө чейин үчтөн тогуз метрге дейре өсө турганы аныкталган. Андан Америкада биоэтанол чыгарганы дагы белгилүү. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө үч жылдан кийин павлония гүлдөгөндө андан бал өндүрүүнү колго алышкан. Натыйжада абдан сапаттуу жана кымбат бал чыгарууга мүмкүндүк бар", — деди Кубатаев.

Ошондой эле ал павлония урукка салыштырмалуу көчөттөн тез өсүп, сапаттуурак боло турганын кошумчалады.

42
Белгилер:
бал, отун, павлония, Эрмек Кубатаев
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги
Участники 9-ого Международного марафона Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization в селе Бактуу-Долоноту Иссык-Кульской области

Күчтүүлөр жеӊсин! Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты. Сүрөт

0
(жаңыланган 10:52 15.05.2021)
Иш-чара бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жатат. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафонуна старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын малымат кызматынан билдиришти.

Ал даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

“Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо”, — деди Жапаров.

Президент 2020-жылдын аягында ШКУнун Ысык-Көл марафону квалификациялык деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин белгиледи.

Ошондой эле 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду.

“Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт. Спорт — ден соолук, ден соолук — элдин байлыгы, дени сак улут — өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт! Спорт адамды физикалык жактан чыңдайт. Ошентип, калктын басымдуу бөлүгүнүн спортко болгон кызыгуусун камсыз кылуу менен биз элибиздин ден соолугун коргойбуз. Ал эми жаштарыбыз, жаш муундарыбыз дени сак болушат жана руханий жактан өнүгүшөт. Демек, спортту өнүктүрүү — бул спорттук натыйжаларга жетүү каражаты гана эмес, элдин ден соолугу да болуп саналат. Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин!”, — деди президент.

Мамлекет башчысы бүгүнкү спорттук иш-чарага катышкан бардык жеӊил атлетиканы сүйгөн спортчуларга үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, аталган спорттук ири иш-чара бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жатат. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет. Ага 20дан ашык өлкөдөн келген спортчулар катышууда.

0
Белгилер:
куттуктоо, ачылыш, марафон, Садыр Жапаров, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат
Кыргызстандык "Месси" Гүлжигит Алыкулов тууралуу даректүү тасма тартылды