Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабек уулу: аралыктан жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө

© Фото / из личного архива Зарлыка Жумабек уулуПрограммалоо боюнча окутуучу Зарлык Жумабек уулу
Программалоо боюнча окутуучу Зарлык Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программалоо боюнча окутуучу Зарлык Жумабек уулу эпидемияга байланыштуу аралыктан окутууда жаңы технологияларды колдонуу зарылдыгы келип чыкканын айтты.
Жумабек уулу: аралыктан жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө

Атайын долбоордун алкагында ЖОЖдордун мугалимдерине жаңы технологияларды колдонуу үйрөтүлдү. Бул тууралуу Зарлык Жумабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окутуу "санарип экономика шартында жаштарды иш менен камсыздоодогу санариптик көндүмдөр" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.

АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек

"Кырдаалга жараша аралыктан окутууга өтүүдөбүз. Ал үчүн өзгөчө ыкмаларды, технологияларды колдонуу, тийиштүү инфраструктураны тууралап, байланышты жакшыртуу керек. Мына ушунун баарын ЖОЖдордун мугалимдерине үйрөтүү боюнча окутуулар жүргүзүлдү. Ага ылайык, тийиштүү программалар иштелип чыгып, серверлерди тууралоо окутулду. Чынында өлкөдө байланыштын сапаты, мугалимдердин жаңы технологияларды колдонуусу боюнча көйгөйлөр бар экен. Ошондуктан атайын долбоордун алкагында окутуунун жаңы стандарттары сунушталды. Натыйжада студенттер окууну аяктаган соң жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алат деген ишеним бар. Учурда эмгек рыногунда экономика, медицина жана башка тармактарда IT-адистердин жетишсиз болуп жатканы көрүнүп турат", — деди Жумабек уулу.

Ошондой эле ал аралыктан окутуу менен кесипкөй адистерди даярдоо үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0