Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алышбаев: аралыктан иштөө үчүн IT тармагында кесипкөй адис болуу шарт эмес

© Фото / Асипа Алтымышева ПРООНдун Кыргызстандагы долбоорлук координатору Канагат Алышбаев
ПРООНдун Кыргызстандагы долбоорлук координатору Канагат Алышбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ПРООНдун Кыргызстандагы долбоорлук координатору Канагат Алышбаев билим берүү системасында санариптик көндүмдөрдү жакшыртуу аракети көрүлүп жатканын айтты.
Алышбаев: аралыктан иштөө үчүн IT тармагында кесипкөй адис болуу шарт эмес

Санариптик экономиканы ишке ашыруунун алкагында жаштарды өз алдынча иш менен камсыз кылуу аракети көрүлүүдө. Ал үчүн сөзсүз IT тармагында кесипкөй адис болуу шарт эмес. Анткени бул тармакка түз жана кыйыр тиешеси барлар үчүн иш табылат. Бул тууралуу Канагат Алышбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "санарип экономика шартында жаштарды иш менен камсыздоодогу санариптик көндүмдөр" долбоору ишке кирип жатат.

Америкалыктарга сабак берген Улан: глобалдык IT-компанияга айлансак дейбиз

"Долбоор БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке кирип, жаштарды өз алдынча жумуш орундары менен камсыздоо каралган. Ал Россия өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 2019-2021-жылдарда иш алып барат. Долбоор боюнча билим берүү системасындагы санариптик көндүмдөрдү жакшыртуу каралган. Анын алкагында тийиштүү стандарттар иштелип чыгып министрликке сунушталды. Ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн тренингдер уюштурулууда. Долбоор Россия тарабынан каржыланып жаткандыктан биздин мугалимдердин аталган өлкөнүн алдыңкы университеттеринде билим алуусу пландалууда. Негизи бул окутуулардын 50 пайызын Россиядан мугалимдер келип окутмак, ал эми 50 пайызы аралыктан жүргүзүлмөк. Пандемияга байланыштуу эми окутуулар толугу менен аралыктан жүргүзүлөт. Учурда санариптик билим алган жаштар географиясына карабастан аралыктан иш алып барууга мүмкүнчүлүк алат. Ал үчүн сөзсүз IT тармагында кесипкөй адис болушу шарт эмес. Санариптик экономикада бул тармакка түз жана кыйыр тиешеси барлар үчүн иш табылат. Башкача айтканда. кадимки карапайым кыз-жигиттер Кыргызстанда жашап, аралыктан чет өлкөдө иштей алат", — деди Алышбаев.

Ошондой эле ал Ошто IT HUB куруу боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0