Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

Сатыбалдиева: коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок

165
(жаңыланган 14:00 19.07.2020)
Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева кандын плазмасын куюу жолу менен коронавирусту дарылоо боюнча эксперименттер дүйнөдө бар экенин айтты.
Сатыбалдиева: коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок

Өлкөдө коронавирусту кан куюп дарылоо боюнча протокол жок. Ошого карабастан даректүү дарылоо үчүн бир-эки жолу кан куюу үчүн плазма даярдалган. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кан куюш үчүн бардык жугуштуу орууларга текшерүү жүргүзүлүүсү зарыл.

Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу

"Коронавирусту кандын плазмасын куюп дарылоо үчүн тийиштүү шарттар болушу керек. Адегенде ооруп сакайган донордун канын антителого текшерүү зарыл. Эгерде антителосу болсо, плазма даярдоого болот. Учурда Кыргызстанда мындай протокол жок. Анын үстүнө COVID-19дан сакайып чыккандардын канынан плазма жасоо үчүн аппарат, адистер болушу зарыл. Ошондой эле эксперименталдык дарылоо жүргүзүлүп, тийиштүү протоколдор иштелип чыгышы керек. Анткен менен эл деген эл экен. Плазма сурап бир-эки жолу кайрылышты. Алар лабораториялардан антителого кан тапшырып келишиптир. Даректүү дарылоо үчүн даярдап бердик. Буга тийиштүү жабдыктарды камсыздоо боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жолдонгон. Ал кезде оорулуулардын саны аз болчу. Ал эми учурда абал өзгөрүп кетти, балким текшерүүлөр теориялык түрдө уланабы деген ойлор бар. Бирок мунун баары каражат маселесинен көз каранды", — деди Сатыбалдиева.

Ошондой эле ал Испанияда ооруп айыккандардын 4,1 пайызында гана коронавируска иммунитет бар экени аныкталганын кошумчалады.

165
Белгилер:
коронавирус, донор, Айганыш Сатыбалдиева
Тема боюнча
Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов

Сатылканов: Кыргызстан өзүнөн суу агып чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө

1603
(жаңыланган 12:28 05.05.2021)
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов өлкөнүн жалпы суу запасы 458 миллиард куб экендигин айтты.

Кыргызстан жыл сайын Өзбекстанга 24-25 миллиард куб, Казакстанга алты миллиард куб, Тажикстанга эки миллиард куб суу берет. Ал эми Кытайга бизден жети миллард кубга жакын суу агып чыгып турат. Бул тууралуу Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сатылканов: Кыргызстан өзүнөн суу агып чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө

Анын айтымында, Кыргызстан өзүнөн суу чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө болуп саналат.

"Өлкөдө жалпы суу запасы 458 миллиард куб метрди түзсө, анын 85 пайызы муз түрүндө, башкача айтканда, мөңгүлөрүбүз десек болот. Азыркы учурда республика аймагында дарыя суу агымы 51,52 миллиард куб, көлдөрдөгү суунун запасы Ысык-Көлдү кошпогондо 6,2 миллиард куб, жер астында 10 миллиардга жакын жана мөңгүлөрдө 3990 миллиард куб суу бар. Бул 2010-жылга карата жүргүзүлгөн улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы. Ал эми СССРдин 1970-жылы чыгарган мөңгүлөр каталогун карай турган болсок, мөңгүлөрдүн 493 миллиард куб метр болгонун көрөбүз. 2000-жылы 417 миллиард куб болуп азайган. Бул сандар мөңгүлөрдүн кескин түрдө эрип жатышынан кабар берет. Муну дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү менен байланыштырсак болот. Жалпысынан Кыргызстан жер астындагы да, жер үстүндөгү да сууга бай өлкө. Ошондуктан кошуна төрт мамлекетти кылымдардан бери суу менен камсыздап келебиз. Бизден чыккан суунун аркасы менен 1967-1987-жылдар аралыгында Өзбекстандын айдоо аянттары 1,4 миллион гектарга, ал эми Казакстандыкы 1,3 миллион гектарга көбөйгөн. Ошол эле учурда Кыргызстанда болгону 189 миллион гектар гана айдоо жери кошулган", — деди Сатылканов.

Ал совет доорунда өлкөдөн агып чыккан суу үчүн кошуна мамлекеттер газ, көмүр жана азык-түлүк түрүндө компенсация төлөп келишкендигин, учурда мындай келишимдердин жоктугун кошумчалады.

1603
Белгилер:
Рысбек Сатылканов, саясат, запас, суу
Тема боюнча
Сатылканов: өлкөдөгү мөңгүлөрдүн 70 пайызы Ысык-Көл облусунда жайгашкан
Инфоком мамлекеттик ишканасынын административдик суроолор боюнча директорунун орун басары Азамат Джапаров

Джапаров: жаңы үлгүдөгү паспортко арыздар кабыл алына баштады

321
(жаңыланган 12:22 05.05.2021)
"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын административдик суроолор боюнча директорунун орун басары Азамат Джапаров 3-майдан тарта өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортко арыздар кабыл алына баштаганын айтты.

Документти текшерүү жана персоналдаштыруу мөөнөтү 18 жумушчу күндө аткарылат. Бул тууралуу Азамат Джапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Джапаров: жаңы үлгүдөгү паспортко арыздар кабыл алына баштады

Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү паспорттун алгачкы бетинде электрондук чип орнотулуп, жарандар чет өлкөгө чыгып жаткан учурда бажы көзөмөлүнөн кыйынчылыксыз өтө алышат.

"3-майдан баштап өлкөнүн бардык Калкты тейлөө борборлорунда жана паспорт бөлүмдөрүндө жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортко арыздар кабыл алына баштады. Анда 30дан ашык коргоо элементи камтылган. Арыз тапшыргандар 18 иш күнүнөн соң колуна документти ала башташат. Паспорттун артыкчылыгы биометрикалык болгонунда жана ар бир бетинде Кыргызстандын тарыхый жерлери, архитектуралык эстеликтери түшүрүлгөн. Алгачкы бетинде электрондук чип орнотулуп, жарандар чет өлкөгө чыгып жаткан учурда бажы көзөмөлүнөн кыйынчылыксыз өтө алышат. Мындан сырткары, атасынын аты жарандын каалоосу менен кошулат", — деди Джапаров.

Ошондой эле адис биометрикалык чет өлкөгө чыгуучу 34 барактуу паспорттун баасы 857 сом, 50 барактуусу 920 сомдон берилерин кошумчалады.

321
Белгилер:
Азамат Джапаров, жаран, биометрикалык паспорт
Тема боюнча
Өкмөт: Баткендеги кагылышууда жоголгон документтер калыбына келтирилет
Прездинет Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен. Архив

Токаев Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады

0
(жаңыланган 00:49 06.05.2021)
Токаев Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кесиптеши Садыр Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады. Бул тууралуу Акорданын сайтында жазылган.

Казакстандын лидери жиберген куттуктоо телеграммасында Нур-Султан Бишкекке ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги айтылат.

"Эл тарабынан колдоого алынган Баш мыйзам Кыргызстанды өнүктүрүүнүн, суверендүүлүгүн коргоонун жана коомду андан ары консолидациялоонун узак мөөнөттүү стратегиясынын негизин түзөт. Сиздин демилге жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары мындан ары дагы ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында Токаев Жапаровго кыргыз элинин бакубаттуулугу жана келечеги үчүн жооптуу миссиясында чоң ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Анын алкагында кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү

0
Белгилер:
Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Көбү ордунда калды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн тизмеси
Кыргыз өкмөтү министрлер кабинети болуп өзгөрдү. Жапаров жарлыкка кол койду