Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтикеев: COVID-19дун экинчи толкуну кайталанчу болсо даярдык бар

© Фото / Тагжана Айдаралиева"Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Алтынбек Айтикеев. Архив
Электр станциялары ААКсынын техникалык директору Алтынбек Айтикеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Алтынбек Айтикеев эпидемия күч алып жатканына карабастан күз-кыш мезгилине даярдыктар токтоосуз жүрүп жатканын айтты.
Айтикеев: COVID-19дун экинчи толкуну кайталанчу болсо даярдык бар

Эпидемиянын экинчи толкуну жүрө турган болсо, электр энергиясына күч келиши ыктымал. Ошондуктан муктаждык жаралбашы үчүн көмүрдү көбүрөөк алуу чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Алтынбек Айтикеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, негизинен республиканын электр энергиясына болгон талабы 15-16 миллиард киловатт саат.

Суунун көлөмү көбөйсө эле сүйүнүп жүрүп өмүрүм өтүптүр. Гидрометеорологдун маеги

"Пандемия учурунда абал абдан курч болуп турат. Ошого карабастан ишти үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Республикалык штабдын сунуш, талаптары толугу менен аткарылып, кызматкерлердин дене табы текшерилип, бет кап тагынып, санитайзерлер бардык жерде турат. Мындан тышкары, кызматкерлердин кимисинде оорунун симптомдоруна шек болсо, аны обочолонтуудабыз. Күзүндө эпидемиянын экинчи толкуну болуп калышы айтылууда. Мындай жагдайда электр энергиясына көбүрөөк күч келиши мүмкүн. Электр кубаты негизинен суудан алынат эмеспи. Ал эми суунун көлөмү табияттан көз каранды. Ошондуктан тийиштүү эсептер жүргүзүлүп, быйыл көбүрөөк көмүр алуу боюнча чечим кабыл алынган. Башкача айтканда, өлкөгө талап кылынган электр энергияны өндүрүп берүү үчүн бардык шарттар бар", — деди Айтикеев.

Ошондой эле ал Токтогул суу сактагычында 13,6 миллиард куб суу топтолгонун айтып, бул көрсөткүч дагы өзгөрө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0