Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Пульмонолог: коронавируска чалдыккан адамга саамал кооптуу

807
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова кымыз коронавирус менен күрөшүүдө эч кандай жардам бере албастыгын айтты.
Пульмонолог: коронавируска чалдыккан адамга саамал кооптуу

Жалпысынан бардык нукура азыктар сыяктуу эле саамал, кымыздын ден соолукка пайдасы бар. Бирок коронавирус учурунда саамал ичип тазалануу ыкмасы, тескерисинче, зыян. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Россияда коронавируска каршы вакцина сайдыргандарда иммунитет иштелип чыкты

Анын айтымында, саамал ичип тазалануу убагында адамдын ичегилериндеги пайдалуу бактериялар да жуулуп кеткендиктен, иммунитети түшүп, оору менен күрөшүү кыйынга турат.

"Өтө күчтүү эмес же жаңы саалган саамал эмес, орточо кубаттагы кымыздан ченеми менен ичүү адамдын ден соолугуна пайдалуу. Ошону менен катар эле бул тоодо, табият койнунда өтсө нерв системасын эс алдырат. Бирок мындай профилактикалык иштер коронавирус менен ооруп жаткан учурда жасалбашы керек. Анткени кымыз же саамалдан адамдын ичи өтүп, ичегилериндеги бардык пайдалуу бактериялар жуулуп кетет. Бул өз учурунда иммунитетти түшүрөт. Ошону менен катар эле организмди тазалоо максатында саамал диетасын кармаган адамдын каны коюлуп, катып калат. Бул дене тапты көтөргөн оорулардын бардыгы үчүн кооптуу. Дартка чалдыккан адам кыйналып, илдетти оор көтөрөт. Ал эми COVID-19 өзү деле оор дартка кирип жаткандыктан минтип дарыланбай эле койгон оң", — деди Естебесова.

Дарыгер ошондой эле дени-карды соо адам деле саамал диетасын кармаарда врачтан кеңеш алуусу зарыл экенин кошумчалады.

807
Белгилер:
дарылануу, кымыз, пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1326)
Тема боюнча
Чалгыла, сурагыла. Дасыккан пульмонологдор онлайн-кеңеш берет. Телефондору
Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Санариптик финансылык технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев

Султаналиев: идентификацияланган электрондук капчыктын иши токтобойт

79
Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Санариптик финансылык технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев 1-октябрдан тарта идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктардын иши токтой турганын айтты.
Султаналиев: идентификацияланган электрондук капчыктын иши токтобойт

Электрондук капчыкты идентификациялоо — ишкерликти чектөө эмес. Анткени алардын иши токтоп калбайт. Бул тууралуу Айбек Султаналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык электрондук капчыктар дагы идентификациялануусу зарыл.

КРде 1-октябрдан тарта айрым электрондук капчыктардын иши токтойт. Себеби

"Улуттук банктын башкаруучулугунун 2019-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган токтомуна ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан баштап идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктар тейленбейт. Бул чара айрым тобокелчиликтердин алдын алуу жана аларды минималдаштыруу максатында киргизилүүдө. Тактап айтканда, террорчулукту каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы мыйзамдын талаптарын аткаруу, тыюу салынган товарларды сатып алуунун алдын алуу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, автоматташтырылган системалар иштен чыкса, идентификацияланбаган капчыктардын ээсине алардын акчасын кайтарып берүү кыйынчылык жарата турганын тажрыйба жүзүндө көрдүк. Электрондук капчыктарды милдеттүү түрдө идентификациялоо ишкерликти чектөө болуп саналбайт. Анткени алар өз ишмердигин токтотпойт. Тескерисинче, төлөм системаларынын ишин коопсуз жана ишенимдүү кылат", — деди Султаналиев.

Адис өлкөдө электрондук капчыктарды колдонуучулардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын белгилеп, бул төлөм системасынын келечеги кең экенин кошумчалады.

79
Белгилер:
мыйзам, ишкердик, электрондук капчык
Тема боюнча
Көпчүлүк билбейт. Адис электрондук капчыктын артыкчылыгын санап берди
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев

Жуматаев: ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо бизге пайдалуу

47
(жаңыланган 15:19 30.09.2020)
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.
Жуматаев: ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо бизге пайдалуу

ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо биздей экономикасы чакан өлкөгө пайдалуу. Анткени уюмдун ичинде бул тармакта каражат, жабдууларды бирге колдонсо болот. Мындай пикирин Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык комиссиясынын алдында түзүлгөн илимий-техникалык кеңештин алгачкы отуруму 10-сентябрда болгон.

Вице-премьер: интеграциялык процесстер өлкө эгемендигине коркунуч келтирбейт

"Көйгөйлөр көбүнесе бир эле мамлекет менен чектелбейт. Айрым маселелер бир аймакта жашаган же чектеш өлкөлөрдүн баарына өз таасирин тийгизет. Азыр "Евразиялык жол", "Бир алкак — бир жол" деген долбоорлор бар. Алардагы кездешкен айрым маселелерди чечүү үчүн илимий колдоо зарыл. Ошондуктан илимди интеграциялоо биздей экономикасы чакан өлкө үчүн абдан керек болууда. Анткени бул тармак чоң каражатты талап кылат. Ал эми бизде СССР тарагандан бери илимди каржылоо өтө солгун жүрүп келет. Эгер уюмдун алкагында кызматташуу күч алса, бири-бирине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби бирликтин ичиндеги өлкөлөрдүн биринде каражат менен камсыздоо жакшы болсо, башкасы заманбап жабдууланган. Интеграциялоо ишке ашса ушуларды бирге колдонуу жолдорун карап көрсө болот. Ал үчүн бири-бирине карама-каршы турган улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарыл", — деди Жуматаев.

Академик илимди интеграциялоону ишке ашыруу үчүн ортодо атайын фонд түзүү сунушталганын кошумчалады.

47
Белгилер:
көйгөй, кызматташуу, илим, Евразиялык экономикалык биримдик, Мурат Жуматаев
Тема боюнча
ЕАЭБ өлкөлөрү илим менен техниканы биргеликте өнүктүргөн кеңеш түздү
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив

Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

0
(жаңыланган 22:52 30.09.2020)
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

0
Белгилер:
иликтөө, өлүм, кызматкер, элчилик, АКШ, Киев, Украина
Тема боюнча
Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео