Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батракеева: ЖРТнын жыйынтыгы менен билим берүүнүн деңгээлин баалоо туура эмес

© Sputnik / Асель АкматалиеваРуководитель Центра оценки в образовании и методов обучения (ЦООМО) Чынара Батракеева
Руководитель Центра оценки в образовании и методов обучения (ЦООМО) Чынара Батракеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева бул жылы пандемия тестирлөөнүн өтүшүнө кедергисин тийгизгенин айтты.
Батракеева: ЖРТнын жыйынтыгы менен билим берүүнүн деңгээлин баалоо туура эмес

Быйыл мектепти 58 миң окуучу бүтсө, анын 44 миңге чукулу тест тапшырды. Ал эми жалпы республикалык тестирлөө бүтүрүүчүлөрдүн жогорку билим алууга даяр же даяр эместигин билиш үчүн өткөрүлөт. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын өзгөчөлүгү предметтик тестке кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабактары киргизилгени болду.

ЖРТдан эң көп балл алган Акмарал: "Алтын тамгага" жетпей калып катуу намыстангам

"ЖРТнын жыйынтыгы менен жалпы билим берүүнүн деңгээлин баалоо туура эмес. Анын үстүнө тест тапшыргандардын баары эле быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү болбойт жана абитуриенттердин баары тестке катышпайт. ЖРТ ар бир бүтүрүүчүнүн билимди пайдалана билүүсүн текшерет. Ал эми бул жылы пандемия өз кезегинде тестирлөөнүн өтүшүнө кедергисин тийгизди. Алсак, балдардын бет кап кийип, дайыма антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоосуна өзгөчө көңүл бөлүп жаттык. Бул бир топ убакытты алды. Иш-чаранын жүрүшүндө Саламаттык сактоо, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турду. Ошондой эле Шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү да жардамга келишти. Жалпы 117 тест-борбор уюштурулуп, ар бир сменада 250дөн абитуриент тест тапшырып жатты. Абитуриенттер жана администраторлор үчүн вирусту жугузуп алуу коркунучу болгонун эске албаганда, жалпы жонунан ЖРТны ийгиликтүү өткөрүп алдык", — деди Батракеева.

Адис ЖРТга өз алдынча даярдануу эң жакшы ыкма экенин белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн карантинде үйдө отурганына байланыштуу мындай мүмкүнчүлүктүн болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0