Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис региондордогу балдар ЖРТдан жогорку балл алып жатканынын себебин айтты

© Sputnik / Асель АкматалиеваРуководитель Центра оценки в образовании и методов обучения (ЦООМО) Чынара Батракеева
Руководитель Центра оценки в образовании и методов обучения (ЦООМО) Чынара Батракеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева быйыл 58 пайыз абитуриент 110дон жогору упай алганын айтты.
Адис региондордогу балдар ЖРТдан жогорку балл алып жатканынын себебин айтты

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар бир үч жылда Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүчү борборлорго тендер жарыяланып турат. Быйыл эки мекеме тендерге катышып, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жеңип, тестирлөөнү өткөрдү. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу келишимдик негизде окуй тургандарга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленген.

Быйыл ЖРТдан Алай районунун окуучусу эң жогорку балл алды

"Негизинен 2002-жылы ЖРТ киргенден баштап эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бул иш-чараны өткөрүп келет. Быйыл июнь айында ЖРТга 43 245 адам кирсе, ал эми кечиктирилген тестке 662 бүтүрүүчү катышкан. Жалпысынан 44 миңге чукул абитуриент тестирлөөдөн өтсө, анын 53ү алтын сертификат алды. Жыйынтыктап келсек, кечиктирилген тестти эсептебегенде 63 пайыз бүтүрүүчү 105 упайдан жогору алышкан, ал эми жарымынан көбү, тагыраагы, 58 пайыз абитуриент 110дон жогору упай алды. Бизди кубандырганы - мурдагы жылдарга салыштырмалуу босого баллдан ашкан абитуриенттердин саны өсүп жатат. Акыркы жылдары эң жогорку упайды алыскы региондордо, элетте жашаган балдар алууда. Муну маалыматтын жеткиликтүүлүгү, санариптештирүүнүн ишке ашып жатканы менен түшүндүрөр элем. Андан тышкары, убакыт өткөн сайын билимге умтулуп, анын кереги бар экенин түшүнгөн жаштар, ата-энелер көбөйүп жатат десем болот", – деди Батракеева.

Ал бирөөнүн ордуна тест берген 5-6 "каскадер" болгонун, алар ЖРТны тапшыруу жана анын жыйынтыгын алуу укугунан ажыратылганын билдирди. Бул иштер укуктук чараларды көрүү үчүн ИИМ кызматкерлерине тапшырылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0