Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чылым чеккендер коронавирусту жеңил көтөрөбү? Пульмонологдун жообу

© Sputnik / Досхан НусупбековДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, пульмонолог Алийна Алтымышева. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, пульмонолог Алийна Алтымышева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, пульмонолог Алийна Алтымышева чылым чегүү менен коронавирустун байланышы тууралуу айтып берди.
Пульмонолог чылым чегүүнүн коронавируска тийгизген таасирин айтты

Тамеки тарткандар COVID-19га чалдыкпайт же жеңил түрү менен гана ооруйт деп эл арасында айтылып жүргөн маалыматтардын эч кандай илимий негизи жок. Бул тууралуу Алийна Алтымышева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, чылымда 4000ден ашуун зыяндуу зат бар.

COVID: өлкөдө калктын канча пайызында антитело пайда болгону изилдене баштады

"Тамеки тарткандар коронавируска чалдыкса жеңил өтөт деген маалыматтар так эмес. Ал тургай чындыкка дал келбейт деп айтсак болот. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндөгү басылмалар ушундай божомолдорду жазып чыгышканы менен иш жүзүндө бул вируска чалдыгып, ал тургай көз жумгандар арасында да чылым чеккендер арбын. Азыркы тамекилерде 4000ден ашуун зыяндуу зат бар, анын ичинен 250сү өтө кооптуу химикаттар, дагы 50сү шишик ооруларын пайда кылуучу заттар. Ушундай нерсе кантип анан оору менен күрөшүүдө пайдасын тийгизе алсын", — деди Алтымышева.

Дарыгер элди мындай чындыкка коошпогон маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0