Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Кудай алдындагы милдет — жаназага туруу эмес, оору жуктурбоо

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызтан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов
Кыргызтан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызтан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов жугуштуу оору учурунда өлүк көмүү жөрөлгөсү шариятта кандай көрсөтүлгөндүгүн айтты.
Эргешов: Кудай алдындагы милдет — жаназага туруу эмес, оору жуктурбоо

Көзү өткөн адамдын жаназасына турууну ислам дининде "фарзи кифая" деп коет. Аны кандай учурда аткарбай койсо болору шариятта так көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дин адамдарды акка моюн сунгандардын жаназасына турууга эмес, жугуштуу оору чыккан учурда тирүү жүргөндөрдүн саламаттыгын сактап калууга, болушунча дартка кабылып калуудан этият болууга үндөйт.

"Шариятта эгер бир адам көз жумуп, бирок анын жаназасына барууга кандайдыр бир тоскоолдук жаралса, ошол чөлкөмдөгү кишилерден бирөө гана катышып койсо болору айтылат. Мисалы, сел жүрүп, жер көчүп, ызгаар кыштан улам жол жабылып же азыркы коронавирустай жугуштуу оору чыккан учурда мына ушул эрежени карманыш керектиги айтылган. Кудам эле, тууганым эле деп илдетке карабай тажияга баруу тескерисинче күнөө болуп эсептелет. Анткени эгер сен өзүң таза болсоң, ал жактан оору жуктуруп алышың мүмкүн же ооруп турсаң башкаларга жуктурасың. Демек бул сага берилген өмүргө кайдыгерлик менен мамиле кылуу, бүтүндөй коомуңа зыян алып келүү катары сыпатталат", — деди Эргешов.

Ал өтө жугуштуу болгон пневмония оорусун таратууга адамдардын өздөрүн себепчи болбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0