Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Естебесова: коронавирустан айыккан адам элге качан аралашса болору белгисиз

664
(жаңыланган 09:36 29.07.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавирус менен ооруп айыккан адамдын вирусту башкаларга жуктуруу коркунучу бир айга дейре сакталышы мүмкүндүгүн айтты.
Естебесова: коронавирустан айыккан адам элге качан аралашса болору белгисиз

COVID-19 менен ооруп айыккан адам башкаларга вирус жуктуруу коркунучу жок экендигин алынган ПЦР-тест аныкташы керек. Бирок бул тесттер да соңку кезде так көрсөтпөй жатат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дан айыккандардын организминде вирус канчалык деңгээлде калгандыгын учурда жеке клиникаларда аныктоого мүмкүн. Тилекке каршы, бул анализдердин баасы 1 500 сом туруп, бардык эле адамдардын мүмкүнчүлүгү жете бербейт.

"Ар ким ооруну ар түрдүү көтөргөндүктөн, коронавируска чалдыккан адамдар так мынча күндө айыгат деп айтуу азырынча мүмкүн эмес. Учурда медиктердин колунда бар мүмкүнчүлүгү — айыккан адамдан ПЦР-тест алуу. Бирок соңку кезде бул тесттер да туура эмес көрсөтүп коюп жатат. Ал эми тажрыйбама таянып айта турган болсом, орто деңгээлде ооруп айыккан адамдар өзүн жакшы сезип, айыктым дегенден кийин деле 20 күн, керек болсо бир айга чейин вирус таратуучу болуп жүрө бериши мүмкүн. Бизде оорунун кескин жайылып кетишине мына ушул сыяктуу абалдар түрткү болду. Өзгөчө жеңил түрү менен ооругандар бир аз өзүн жакшы сезип калганда эле жумушка чыгып, коомго аралашып кетишти. Мына ушулар башкы вирус таратуучу болуп калууда", — деди Естебесова.

Пульмонолог чылым чегүүнүн коронавируска тийгизген таасирин айтты

Дарыгер коронавирустун жеңил түрү менен ооруп калган учурда деле медиктердин уруксаты жок обочолонуудан чыкпай турууга чакырды.

664
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Пульмонолог: азыркы пневмония да абдан жугуштуу
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев

Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

27
Дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев көргөзмөлөргө барып, сүрөт тартып, токуп же жөн эле сейилдесе оорунун белигилери анча байкалбай деле каларын айтты.
Курманалиев: өлкөдө Альцгеймер дарты менен ооруган 300дөй киши каттоодо

Альцгеймер оорусуна чалдыккан адамдарга вагабандаж жана плюшкин синдромдору мүнөздүү. Алар түйүнчөгүн чогултуп бир жака кете тургандай камданып жана сырттан болгон керексиз эски-уску буюмдарды алып келип топтой беришет. Бул тууралуу Музурхат Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жай кыймылдаган адамдардын өмүрү кыскабы? Окумуштуулардын жообу

Анын айтымында, Альцгеймер оорусун адамдар бири-бирине жумшак, сый мамиле жасап алдын алса болот.

"Республика боюнча Альцгеймер дартына кабылган 300дөн ашык киши каттоодо турат. Бирок бул сандар айсбергдин учу эле. Туугандары маани бербеген же ооруганын билип туруп кайрылбаган адамдар көп. Өзгөчө айыл жергесинде жашаган карылар ансыз деле үйдөн чыкпайт. Аларга балдары кийим, тамагын даярдап берип, пенсиясын алып келип беришет. Ошону менен бирге ата-энесинин ооруп калганын айткандан уялгандар да бар. Качан гана кийимин кие албай, таза эле өзүн алып жүрө албай калганда ооруканага кайрылышат. Негизи адам баласы бири-бирине жумшак, мээрим менен мамиле кылса, толеранттуу болсо Альцгеймерге кабылган адамдын оорусунун белгилери анча деле билинбей калат. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" дегендей, эгер адам мурда жумшак, сөзгө көнгөн адам болсо, ооруп калгандан кийин деле андан да жумшак болуп калат. Себеби альцгеймердин негизги белгиси мүнөздүн курчушу болуп жатпайбы. Эгер ооруган адамга жакшы мамиле жасаса, ал деле ошондой жооп алат. Мындайча айтканда, альтруисттик мамилени күчөтүү керек. Бул адамдар жаш баладан да таарынчаак болуп калат", — деди Курманалиев.

Дарыгер-психиатр Альцгеймер оорусун дарылап айыктыруу, ооруну кечеңдетүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

27
Белгилер:
психикалык абал, илдет, Альцгеймер оорусу
Тема боюнча
Алжыбай жашоонун эң жөнөкөй жолу айтылды
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Мира Тургунбаева

Тургунбаева: социалдык стационар мекемелеринде 700дөй улгайган жаран бар

9
(жаңыланган 12:00 01.10.2020)
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Мира Тургунбаева өлкөдө 1-октябрда карыялар күнү 30 жылдан бери белгиленип жатканын айтты.
Тургунбаева: социалдык стационар мекемелеринде 700дөй улгайган жаран бар

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 17 социалдык стационардын алтоосунда 700гө чукул карыяга мамлекет тарабынан кам көрүлүүдө. Бул тууралуу Мира Тургунбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда 513 миңден ашык адам улгайган жарандардын катарына кирип, карыялар калктын сегиз пайызын түзөт.

Карылар жана балдар үйүн коомдук көзөмөлгө алуу мыйзам долбоору сунушталууда

"Улгайган адамдарга карата мамлекеттик саясат улуттук мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Карыяларга кам көрүү боюнча өкмөттүн беш жылдык планы бекитилген. Анын негизинде иш жүрүүдө. Мындан тышкары, жыл сайын 15-сентябрдан тарта улгайган жарандар үчүн бир айлык жарыяланып, көмөк көрсөтүлүп келет. Тилекке каршы, быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу бул датага карата иш-чаралар жетиштүү деңгээлде уюштурулбай калды. Коомчулукта жашы өтүп калгандарга сый мамиле кылып, аларга кам көрүү менталитетке сиңип калган. Ошентсе дагы ар кандай турмуштук жагдайлардан улам жалгыз күн кечирип же асыроосуз калган карыяларыбыз жок эмес. Булар үчүн атайын мекемелерде кам көрүлөт. Алсак, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу 17 социалдык стационар бар. Алардын алтоо улгайган жарандарга социалдык колдоо көрсөтөт. Учурда бул мекемелерде 700гө чукул карыя өкмөт тарабынан багууга алынган. Ошондой эле мамлекеттик социалдык тапшырык мыйзамынын негизинде улгайган жарандар үчүн атайын борборлор түзүлүп, социалдык колдоо көрсөтүү иштери жасалууда", — деди Тургунбаева.

Ошондой эле ал мыйзамга ылайык эркектер 63, ал эми аялдар 58 жаштан кийин улгайган болуп эсептелерин кошумчалады.

9
Белгилер:
коронавирус, Карылар үйү, камкордук
Тема боюнча
Айтматовдун 100гө чыккан мугалими карылар үйүндө. Ыктыярчы менен маек

Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт

0
(жаңыланган 13:59 01.10.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Дирижер Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаев (солдон оңду карай). 1958-жыл, Москва шаары
© Фото / из семейного архива Орозовых

Солдон оңду карай бала көтөрүп турган хор дирижеру Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү 1958-жылы Москва шаарында тартылган.

Ал жылы Москвада Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын экинчи декадасы өтүп, ага кыргыз элинин акын-жазуучу, ырчы, аткаруучу, чыгармачыл инсандары катышкан.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

Ошол учурду КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаев мындайча эскерет:

"Мен сүрөттөгү инсандарды бала кезимде көрүп калдым. Алардын ортодогу жаштарында айырма бар, бирок замандаштар. Ыбырай аксакал Ысык-Көлдө жашап, ошол жакта турчу. Ал эми Карамолдо Орозов, Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Молдобасан Мусулманкулов жана менин атам Алымкул Үсөнбаев Фрунзе шаарында жашачу. Алардын бардыгы чогулуп алып шерине жеп, комуз чертип ырдап, бири-бири менен жакшы катышта эле. Алардын төкмөлүгүнө, манас айтканына, комуз черткенине күбө болуп калдым. Булардын ар бири жөнүндө бир айлап айтсак дагы сөз бүтпөйт. Убакыттын өтүшү менен эскерилбей, унутуп бара жатабыз. Мисалы, Карамолдо Орозов менен Ыбырай Тумановду комуздун генийи деп айта алам. Экөө тең үч кыл комузга симфонияны батырган инсандар. Аларды белгилүү бир даталарда эстебей, жаштарга байма-бай айтып турушубуз керек", — деди Үсөнбаев.

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

Эске сала кетсек, 1958-жылы Москвадагы Кыргыз искусствосунун экинчи декадасынын өтөрүнө үч жума калганда Күлүйпа Кондучалова министр болуп дайындалып, ага 1100дөй кыргызстандык катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөн.

0
Белгилер:
таберик сүрөт, чыгармачылык, Москва, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Кара жумушта жүрүп киного аралашкан Үсөн Кудайбергенов. Таберик сүрөт
"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт
"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү