Быйылкы шайлоолорду өткөрүүгө жалпысынан 732 миллион сом каралып, анын бир бөлүгү жергиликтүү кеңештерге жумшалган. Бул тууралуу Нуржан Шайлдабекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, парлменттик шайлоону өткөрүүгө 560 миллион сом коротуу пландалган.
"Жалпысынан быйыл өтүүчү шайлоолорду уюштурууга 732 миллион сом каралган. Анын 560 миллиону парламенттик шайлоого кетмек. Бирок пандемияга байланыштуу өкмөт бардык мүмкүн болгон тармактардагы чыгымдарды кыскартууга чакырды. Буга байланыштуу БШК парламенттик шайлоого кетчү чыгымды 445,9 миллион сомго түшүрдүк. 560 миллион сомдун 70 миллионуна биометрикалык идентификациялоочу каражаттар алынмак. Бирок Япония бизге бул каражаттарды колдоо иретинде берип жатат. Ошондой эле аны иштетүүнү үйрөтүүчү адистер да келип, биздин кызматкерлерди акысыз окутуп кетишет. Мындан сырткары, 60 миллион сомго алынуучу санитардык каражаттарга да акча кетпей турган болду. Демөөрчүлөр өз каражатына бет кап, санитайзер иретинде ушул суммага алып беришери пландалууда. Ушундай келишимдердин арты менен шайлоого кетчү чыгымды кыскартууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Калган акча шайлоо участакторун ачууга, андагы кызматкерлердин айлык маянасына жумшалат", — деди Шайлдабекова.
Бактыгулов: келе жаткан шайлоодо аймактардагы лидерлер чоң роль ойнойт
Ал ошондой эле Кыргызстанда пандемия учурунда парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алган Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонуларын кошумчалады.
Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.
"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.
Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.
Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.
"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.
Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан салмагы 180 килограммга чейин жеткен койдун жаңы тукумун каттады. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, 15-апрелде эт, май багытындагы койдун "Арашан" тукуму каттоодон өткөн. Селекционерлер мыдай тукумду 1997-2021-жылдар аралыгында чыгарышкан.
"Бул малдын өндүрүмдүүлүгү абдан жогору. Алты-жети айлык козулардын салмагы 55-60, бир жаштагылары 75-80, чоңдору 175-180 килограммга чейин жетет. Бул биздин фермерлердин кирешесин көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк", — деди министр.
"Төрт айлык козунун бирөөсү эле миң доллар турат. Ал эми тукум ала турган койлордун баасы 50 миң долларга жетет. Орто салмактагы тукум бере турган койлор болсо 10 миң доллардын ашат. Учурда Казакстан менен Россиядан абдан көп буйрутмалар түшүп жатат", — деди министр.
Ал ошондой эле мындай койлор сатыла баштаганын кошумчалады.