Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева. Архив

Батракеева: быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырды

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырганын айтты.

Жалпы республикалык тестирлөөнү онлайн тапшыруу мүмкүн эмес. Техника мүмкүнчүлүк бергени менен экрандын ары жагында отурган абитуриент эч кимдин, эч нерсенин жардамысыз суроолорго жооп берип жатканын көзөмөлдөй албайбыз. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Батракеева: быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырды

Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тест тапшыруу үчүн кандай шарт түзүп берүү керектигин сурап алдын ала кайрылышат.

ЖРТны өткөргөндөр: 19 жылда сертификат саткан бир да учур болгон эмес

"Мүмкүнчүлүгү чектелген, майыптыгы бар абитуриентер үчүн атайын тест дептери даярдалып, жыл сайын атайын тест-борбор уюштурулат. Тестирлөөгө келгендердин басымдуу бөлүгүн көзү жакшы көрбөгөн же укпаган адамдар түзөт. Быйыл жол кырсыгына кабылган адамдар да болду. Айрымдары жатып алып тапшырганга туура келет. Алардын ар бирине ыңгайлуу шарт түзүп берип келебиз. Ошону менен бирге администраторлор окуудан өтүп, муктаждыгына жараша алар суроону окуп, түшүндүрүп же жооп барагын боегонго жардам беришет. Бирок аларга туура жоопту айтканга болбойт. Быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырды. Алардын бирөө аймактан, калганы Бишкектен катышты", — деди Батракеева.

Адис мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттердин муктаждыктарына карап аларга түзүлгөн шарттарды дагы да жакшыртышарын кошумчалады.

Белгилер:
билим, майып, ЖРТ, Чынара Батракеева
Тема боюнча
Батракеева: ЖРТнын жыйынтыгы менен билим берүүнүн деңгээлин баалоо туура эмес
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

(жаңыланган 11:19 23.04.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров алимент төлөө кандайча аныктала турганын айтып берди.

Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.

"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.

Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Белгилер:
ата-эне, алименты, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши
Бишкектеги Өлбөс полк акциясы. Архив

Башкы санитардык дарыгер: быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт

(жаңыланган 13:37 23.04.2021)
Дарыгердин айтымында, "Өлбөс полк" жүрүшүн токтотууга шаарда эпидемиологиялык абалдын начарлап бара жатканы себеп болууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө тыюу салуу чечимин шаардык Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.

Кундашев эске салгандай, быйыл Бишкек шаарынын күнү (29-апрель) жана Жеңиш майрамы (9-май) массалык түрдө майрамдалбай турган болгон.

 Главный врач Центра санэпидемнадзора Бишкека Кубан Кундашев выступает на брифинге
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
Борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев
"Вирус жугузгандардын саны өсүп бара жатат. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги май жана июнь айында коронавирустун үчүнчү толкуну болот деп божомолдоодо. Массалык иш-чараларга уруксат берип койсок, санитардык эрежелер бузулушу мүмкүн", — деди дарыгер.

Ал эми Россияда "Өлбөс полк" жүрүшүн эки форматта өткөрүү каралып жатат. Алгачкысы 9-майда онлайн-форматта, экинчиси 24-июнда реалдуу форматта өтүшү мүмкүн.

Белгилер:
Кубан Кундашев, "Өлбөс полк" акциясы, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдеши Таласта өтөт