Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев

Жуматаев: адам илдеттерин изилдөө лабораториясын түзүүнү сунуштап жатабыз

91
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев академиядагы 19 илим-изилдөө институтунда 900дөй илимий кызматкер иштей турганын айтты.
Жуматаев: адам илдеттерин изилдөө лабораториясын түзүүнү сунуштап жатабыз

Улуттук илимдер академиясынын курамында адам илдеттерин изилдеген лаборатория жок. Анткени медицина илимин изилдөө Саламаттык сактоо министрлигине карайт. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эпидемиядан улам жарандар УИК тарабынан коронавируска каршы кандай иштер жасалганына кызыгууда.

Кыргызстанда илимдин кайсы тармагына көбүрөөк акча жумшалат

"Улуттук илимдер академиясынын курамында медицина илими жок. Союз учурунда ар бир тармак өзүнчө болчу. Ошо бойдон медицина тармагы Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүндө калып кеткен. Ага карабастан УИКтин курамындагы биология, биотехнология, бийик тоолордо адамдарга аба жетпесе кандай боло турганын изилдеген тоо физиологиясы институттарында анализдөө иштери жүргүзүлүп, февралдан тарта уюштуруучулук жаатында сунуштарды өкмөткө берүүдөбүз. Ал эми академияда вирустарга каршы дары-дармек, вакцина боюнча изилдөө кылган мекеме жок. Учурда эпидемиянын күчөшү менен андай изилдөөлөргө муктаждык бар экени билинүүдө. Ошондуктан президенттин, өкмөттүн наамына ушундай институт түзүү керектиги тууралуу кат жолдоп жатабыз. Академияда мал-жандыктын оорулары изилденип келген лаборатория бар. Ал жакта кызмат кылган окумуштуулар коронавируска анализ жасоо боюнча тартылып, иштеп жатышат. Анткени эпидемияга байланыштуу адам ресурстары жетишпей жатпайбы. Бул вирус менен көпкө жашай турган болуп калдык окшойт. Андыктан адам илдеттерин изилдөө боюнча лаборатория түзүү керек", — деди Жуматаев.

Ошондой эле ал академиянын окумуштуулары коронавируска байланыштуу ЖМКлар аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштери менен алектенип жатканын кошумчалады.

91
Белгилер:
лаборатория, коронавирус, Окумуштуулар, Мурат Жуматаев
Тема боюнча
Жумаканова: студенттер лабораториялык сыноолорго киргизилбейт
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова

Мааткеримова: Россия биздин абитуриенттерге жылына 400дөй бюджеттик орун берет

21
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова Кыргызстанга өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жети өлкөнүн ЖОЖдорунан квоталык орундар берилерин айтты.
Мааткеримова: Россия биздин абитуриенттерге жылына 400дөй бюджеттик орун берет

Жыл сайын Россия Федерациясы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Кыргызстанга 400дөн ашуун квоталык орун берет. Алар бакалавр, магистр жана докторлук багыттар боюнча бөлүнөт. Бул тууралуу Чынара Мааткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясынан сырткары Белорусcия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Венгрия, Латвия мамлекеттери менен да орун алмашып окутуу келишимдери бар.

Батракеева: быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырды

"Кыргызстан өкмөттөр аралык келишимдин негизинде иш алып барган жети мамлекет бар. Алардын негизгиси - Россия Федерациясы. Россия кыргызстандык студенттер үчүн жылына 400дөн ашуун бюджеттик орун берет. Ушундай эле тартипте Казакстан менен иштешебиз. Ал жакrа бир жылда бизден беш студент барып билим ала алат. Венгрия 75 квоталык орун бөлсө, Белоруcсиядан билим алууну каалаган жаштардан жылына 10ду жибере алабыз. Тажикстан 40ка чукул квоталык орун берсе, Кытай менен эки келишимдин негизинде иштешебиз. Бири ШКУ аралык болсо, экинчиси эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин сүйлөшүүлөрү. Экөөнү бириктирип жылына 70тен ашпаган студент жиберүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондой эле биздин жаштар Латвияга барып окуса болот. Бул мамлекет так сан айтпайт, жыл сайын өздөрүндөгү квоталык орундардын 10 пайызын бөлүп келет. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Венгрия жана Каазкстанга болгон квоталык орундарды эки эсе көбөйтүү пландалууда. Балким кийинки жылдан бул ишке ашып калат. Биз бул жактан ЖРТнын негизинде керектүү документтерин тиркеп, тизме гана жибере алабыз. Кабыл алчу тараптардын өздөрүнүн кошумча сынактары болот", — деди Мааткеримова.

Ал аталган өлкөлөрдөн Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери гана пайдаланарын кошумчалады.

21
Белгилер:
чет өлкө, квота, билим
Тема боюнча
Жуматаев: адам илдеттерин изилдөө лабораториясын түзүүнү сунуштап жатабыз
Кызыл ай коомунун ыктыярчысы Райымбек Олжобай уулу

Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

138
"Кызыл ай" коомунун ыктыярчысы Райымбек Олжобай уулу өлкөдө ыктыярчылардын мектеби ачылышы керектигин айтты.
Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

Кыргыздарда эзелтен ыктыярчылыктын элементтери кездешкен. Алсак, элибиз ашар жолу менен бири-бирине кайтарымсыз көмөк көрсөтүп келген. Бул тууралуу Райымбек Олжобай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда, өзгөчө пандемия шартында ыктыярчылыкты ар ким ар кандай максатта колдонушууда.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

"Негизи эле ыктыярчылык деген мүмкүнчүлүгү жокторго колуңдан келген көмөктү көрсөтүү болуп саналат. Учурда муну менен көпчүлүк учурда жаштар алектенишүүдө. Көпчүлүгү ыктыярчылыкты — батыш өлкөлөрүнөн келип, тамырын жайып бара жаткан көрүнүнүш катары кабылдашат. А чынында кыргыздарда деле буга жакын көрүнүштөр болуп келген. Алсак, бизде бир туугандар, айылдаштар чогулуп ашар уюштурушкан. Ошол ашарды ыктыярчылыктын башаты катары жайылтып, өзүбүздүн менталитетке ыңгайлаштырып колдонсок болот. Анан дагы өлкөдө волонтерлордун мектеби же кандайдыр бир уюму түзүлүшү керек. Анткени учурда муну менен ар ким ар кандай түрдө алектенишүүдө. Бул жөрөлгө абдан өнүгүп калды. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда да көптөгөн ыктыярчылар тартылып, жакшы натыйжаларды көрсөтө алышкан. А бирок кандайдыр бир координация жасаган уюмдун жетишсиздиги байкалды. Өзгөчө учурдагы пандемия шартында көрүнүп калды", — деди Олжобай уулу.

Ал ыктыярчылык иш тажрыйба топтоо боюнча дагы жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады.

138
Белгилер:
ашар, пандемия, ыктыярчылар
Тема боюнча
Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасында

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

47
(жаңыланган 16:43 04.08.2020)
Дарыгерлер президент менен жолугушууда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин айтышты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
"Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Оңдолгондон кийин 100 орунга чейин кеңейтилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү

Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасы медицина кызматкерлери

Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.

Министрлик: Ысык-Көлгө эл агылган сайын вирус күч алууда

Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун айтты.

"Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин оюмда", — деди президент.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди.

Анын айтымында, медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү.

47
Белгилер:
айлык-акы, оорукана, дарыгер, медицина, Сооронбай Жээнбеков, Ысык-Көл
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Көлдө көбүрөөк. Өткөн суткада 25 медиктен COVID табылды