Экономист Нургүл Акимова

Акимова: ЕАЭБ бизге берилген мүмкүнчүлүк, аны туура колдонуу керек

55
(жаңыланган 11:43 01.08.2020)
Экономист Нургүл Акимова ЕАЭБдин рыногу чоң экенин белгилеп, ал жакта атаандаштык дагы курч болорун унутпашыбыз керек деген пикирин билдирди.
Акимова: ЕАЭБ — бизге берилген мүмкүнчүлүк, аны туура колдонуу керек

ЕАЭБ — биз үчүн берилген мүмкүнчүлүк. Аны туура колдоно алабызбы же жокпу, өзүбүздөн көз каранды. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Экономисттин айтымында, уюмду кандайдыр бир саясий нуктан эмес, экономикалык жактан гана колдонуу Кыргызстан үчүн пайдалуу.

Министрлик: азык-түлүк, керектелүүчү товарлардын экспортуна чектөө коюлду

"ЕАЭБдин рыногу абдан чоң, бирок ал жакта атаандаштык дагы күч экенин унутпашыбыз керек. Мисалы, Кыргызстанда ачылган ишкана Казакстанда же Белоруссияда да болушу ыктымал. Бул жагдайды жакшы же жаман деп баалоо туура эмес. Эгерде товарды сапаттуу жана жетиштүү көлөмдө өндүрө алсак, ачык рынокту багынта алабыз. Ал эми бул уюмдан кандайдыр гранттарды күтүп, биз аларды колдодук, эми алар бизге каржылык көмөк көрсөтсүн деген позицияны кармансак утулабыз. Анда ал чоң рынокту, анын ичинде биздикин дагы башка өндүрүүчүлөр, ишкерлер басып алат. Башкача айтканда, ЕАЭБ биз үчүн берилген мүмкүнчүлүк. Анын туура колдоно алабызбы же жокпу, өзүбүздөн көз каранды", — деди Акимова.

Ошондой эле ал уюмдун ичинде тирешүү бир дагы өлкөгө пайда алып келбестигин кошумчалады.

55
Белгилер:
атаандаштык, Евразиялык экономикалык биримдик, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Келерки жылдан тарта ЕАЭБге товар киргизүү шарттары өзгөрөт
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова

Мааткеримова: Россия биздин абитуриенттерге жылына 400дөй бюджеттик орун берет

26
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова Кыргызстанга өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жети өлкөнүн ЖОЖдорунан квоталык орундар берилерин айтты.
Мааткеримова: Россия биздин абитуриенттерге жылына 400дөй бюджеттик орун берет

Жыл сайын Россия Федерациясы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Кыргызстанга 400дөн ашуун квоталык орун берет. Алар бакалавр, магистр жана докторлук багыттар боюнча бөлүнөт. Бул тууралуу Чынара Мааткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Россия Федерациясынан сырткары Белорусcия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Венгрия, Латвия мамлекеттери менен да орун алмашып окутуу келишимдери бар.

Батракеева: быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырды

"Кыргызстан өкмөттөр аралык келишимдин негизинде иш алып барган жети мамлекет бар. Алардын негизгиси - Россия Федерациясы. Россия кыргызстандык студенттер үчүн жылына 400дөн ашуун бюджеттик орун берет. Ушундай эле тартипте Казакстан менен иштешебиз. Ал жакrа бир жылда бизден беш студент барып билим ала алат. Венгрия 75 квоталык орун бөлсө, Белоруcсиядан билим алууну каалаган жаштардан жылына 10ду жибере алабыз. Тажикстан 40ка чукул квоталык орун берсе, Кытай менен эки келишимдин негизинде иштешебиз. Бири ШКУ аралык болсо, экинчиси эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин сүйлөшүүлөрү. Экөөнү бириктирип жылына 70тен ашпаган студент жиберүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондой эле биздин жаштар Латвияга барып окуса болот. Бул мамлекет так сан айтпайт, жыл сайын өздөрүндөгү квоталык орундардын 10 пайызын бөлүп келет. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Венгрия жана Каазкстанга болгон квоталык орундарды эки эсе көбөйтүү пландалууда. Балким кийинки жылдан бул ишке ашып калат. Биз бул жактан ЖРТнын негизинде керектүү документтерин тиркеп, тизме гана жибере алабыз. Кабыл алчу тараптардын өздөрүнүн кошумча сынактары болот", — деди Мааткеримова.

Ал аталган өлкөлөрдөн Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери гана пайдаланарын кошумчалады.

26
Белгилер:
чет өлкө, квота, билим
Тема боюнча
Жуматаев: адам илдеттерин изилдөө лабораториясын түзүүнү сунуштап жатабыз
Кызыл ай коомунун ыктыярчысы Райымбек Олжобай уулу

Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

140
"Кызыл ай" коомунун ыктыярчысы Райымбек Олжобай уулу өлкөдө ыктыярчылардын мектеби ачылышы керектигин айтты.
Олжобай уулу: кыргыздарда эзелтеден эле ыктыярчылыктын элементтери кездешип келет

Кыргыздарда эзелтен ыктыярчылыктын элементтери кездешкен. Алсак, элибиз ашар жолу менен бири-бирине кайтарымсыз көмөк көрсөтүп келген. Бул тууралуу Райымбек Олжобай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда, өзгөчө пандемия шартында ыктыярчылыкты ар ким ар кандай максатта колдонушууда.

Полго жатып иштеген медиктер бар экен. Керебетти бекер тараткан ыктыярчылардын маеги

"Негизи эле ыктыярчылык деген мүмкүнчүлүгү жокторго колуңдан келген көмөктү көрсөтүү болуп саналат. Учурда муну менен көпчүлүк учурда жаштар алектенишүүдө. Көпчүлүгү ыктыярчылыкты — батыш өлкөлөрүнөн келип, тамырын жайып бара жаткан көрүнүнүш катары кабылдашат. А чынында кыргыздарда деле буга жакын көрүнүштөр болуп келген. Алсак, бизде бир туугандар, айылдаштар чогулуп ашар уюштурушкан. Ошол ашарды ыктыярчылыктын башаты катары жайылтып, өзүбүздүн менталитетке ыңгайлаштырып колдонсок болот. Анан дагы өлкөдө волонтерлордун мектеби же кандайдыр бир уюму түзүлүшү керек. Анткени учурда муну менен ар ким ар кандай түрдө алектенишүүдө. Бул жөрөлгө абдан өнүгүп калды. Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда да көптөгөн ыктыярчылар тартылып, жакшы натыйжаларды көрсөтө алышкан. А бирок кандайдыр бир координация жасаган уюмдун жетишсиздиги байкалды. Өзгөчө учурдагы пандемия шартында көрүнүп калды", — деди Олжобай уулу.

Ал ыктыярчылык иш тажрыйба топтоо боюнча дагы жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалады.

140
Белгилер:
ашар, пандемия, ыктыярчылар
Тема боюнча
Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги
Краденные золотые изделия с примерной стоимостью в 1,5 миллиона сомов

1,5 млн. сомдук сөйкөлөр. Оштогу шектүүнүн жер төлөсүнөн уурдалган алтындар табылды

0
Учурда кармалган шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун милиция иликтеп жатат.

ОШ, 4-авг. – Sputnik. Ош облусунун аймагында алтын буюмдарды уурдоого шектүү киши кармалып, үйүнүн жер төлөсүнөн 1.5 миллион сомдук сөйкө, шакек, чынжырчалар – зер буюмдар табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Багида Кармышакова билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Ноокат шаарында жайгашкан зер буюмдар дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз кирип, 150 000 сом акчасын жана алтындарын уурдап кеткенин билдирген.

Кудум кинодогудай! 20 секундада дүкөндөгү банкоматты уурдап кеткен видео

Жабырлануучунун арызы боюнча Жазык кодексинин 200-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 53 жаштагы тургуну, мурда соттолгон М.А. аттуу киши кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

31-июль күнү М.А.нын Шарк айыл аймагындагы турак үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан Кыргызстандын сегиз жаранынын паспорту, эки даана айдоочулук күбөлүк, жети даана банк карты табылган. Ал эми үйүнүн жер төлөсүндөгү көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн. 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып, алынган.

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноду деген киши кармалды

Азыркы учурда далил катары алынган алтын буюмдардын наркы такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Шектүүнүн мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу текшерилип жатат.

0
Белгилер:
уурулук, милиция, жер төлө, буюм, алтын, Ноокат
Тема боюнча
Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Видео