Жыл сайын Россия Федерациясы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Кыргызстанга 400дөн ашуун квоталык орун берет. Алар бакалавр, магистр жана докторлук багыттар боюнча бөлүнөт. Бул тууралуу Чынара Мааткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Россия Федерациясынан сырткары Белорусcия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Венгрия, Латвия мамлекеттери менен да орун алмашып окутуу келишимдери бар.
Батракеева: быйыл мүмкүнчүлүгү чектелген 15 абитуриент тест тапшырды
"Кыргызстан өкмөттөр аралык келишимдин негизинде иш алып барган жети мамлекет бар. Алардын негизгиси - Россия Федерациясы. Россия кыргызстандык студенттер үчүн жылына 400дөн ашуун бюджеттик орун берет. Ушундай эле тартипте Казакстан менен иштешебиз. Ал жакrа бир жылда бизден беш студент барып билим ала алат. Венгрия 75 квоталык орун бөлсө, Белоруcсиядан билим алууну каалаган жаштардан жылына 10ду жибере алабыз. Тажикстан 40ка чукул квоталык орун берсе, Кытай менен эки келишимдин негизинде иштешебиз. Бири ШКУ аралык болсо, экинчиси эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин сүйлөшүүлөрү. Экөөнү бириктирип жылына 70тен ашпаган студент жиберүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондой эле биздин жаштар Латвияга барып окуса болот. Бул мамлекет так сан айтпайт, жыл сайын өздөрүндөгү квоталык орундардын 10 пайызын бөлүп келет. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Венгрия жана Каазкстанга болгон квоталык орундарды эки эсе көбөйтүү пландалууда. Балким кийинки жылдан бул ишке ашып калат. Биз бул жактан ЖРТнын негизинде керектүү документтерин тиркеп, тизме гана жибере алабыз. Кабыл алчу тараптардын өздөрүнүн кошумча сынактары болот", — деди Мааткеримова.
Ал аталган өлкөлөрдөн Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери гана пайдаланарын кошумчалады.
"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.
Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.
"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.