Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

© Sputnik / Евгений ОдиноковӨкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аталган аймактагы оруп-жыюу иштери боюнча айтып берди.
Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

Быйыл жалпысынан 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген. Учурда оруп-жыюу иштери аяктап калды. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, облуста буудай, арпанын түшүмдүүлүгү былтыркыдай эле деңгээлде.

"Февраль айында коронавирусту Кыргызстанга киргизбөө чараларын көрүү жана инфекция республикада катталып калган учурда азык-түлүк тартыштыгын алдын алуу боюнча өкмөттө жыйын болгон. Ошол жерден аймактарга кылкандуу дан эгиндерин жылдагыдан көбүрөөк себүү тапшырмасы берилген. Биз бул тапшырманы дыйкандарга түшүндүрүп, сунуш киргизгенбиз. Жыйынтыгында быйыл жалпысынан 41500 гектар жерге арпа, буудай себилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 4000 гектарга көп. Анын 27000дей гектары буудай, калганы арпа. Буудайдын түшүмү былтыркыдай эле болууда, андыктан салыштырмалуу 5500 тоннага көп жыйналды. Ал эми арпаныкы бир аз төмөнүрөөк, бирок аянтынын көптүгүнө карап, тартыштык жаралбайт деп ойлойм", — деди Жылкыбаев.

Аткаминер аталган облуста айдап-себүү жана оруп-жыюу иштеринде көйгөйлөр жаралбагандыгын, сугат маселелеринде гана бир аз тартыштык болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0