Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтымышева: Кыргызстанда 70 жашка чейинки 48 пайыз эркек чылым чегет

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваДүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, пульмонолог Алийна Алтымышева. Архив
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, пульмонолог Алийна Алтымышева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, пульмонолог Алийна Алтымышева өлүмгө алып келген жугуштуу эмес төрт оорунун пайда болушунун негизги себеби чылым чегүү экенин айтты.
Алтымышева: Кыргызстанда 70 жашка чейинки 48 пайыз эркек чылым чегет

Кыргызстанда күч-кубаты артып турган 70 жашка чейинки эркектердин 48 пайызы тамеки чегет. Бул тууралуу Алийна Алтымышева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө тамеки тарткандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.

"Дүйнө жүзү боюнча адамдарды өлүмгө эң көп алып келген жугуштуу эмес төрт оору бар. Бул жүрөк, кан тамыр оорулары, өпкө илдеттери, залалдуу шишик жана кант диабети. Тилекке каршы, бул дарттардын пайда болушунун алгачкы себеби чылым чегүү болуп эсептелет. Демек, тамеки тарткан адамдар өз өмүрүн коркунучка алып келип жатат. Мисалы, ар бир адам азыркы учурда 70-80 жаш куракка чейин жашашы керек. Бирок тамеки чегүүнүн натыйжасында алардын өмүрү кыскарат. Азыр Кыргызстанда 70 жашка чейинки ишке жарамдуу эркектердин 48 пайызы чылым чегет", — деди Алтымышева.

Дарыгер тамеки тарткандарды азайтуу үчүн мамлекет чылымдын баасын жогорулатып жана аны рекламалоого тыюу салууну колго алышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0