Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов. Архив
Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов альтернативдик булактардан энергия алууну жолго салуу шарт экенин айтты.
Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

Суунун аздыгы көйгөй жаратпашы үчүн кошумча кубаттуулук болушу зарыл. Ал үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун тез арада бүтүрүү керек. Бул тууралуу Чоробай Акунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясына болгон муктаждык жыл санап өсүп жатат.

Тынчсыздануу бар. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болору айтылды

"Өлкөдө суу аз келип калган учурлар болот. Кээде жакшы агып келип, көлөмү көбөйүшү ыктымал. Быйыл дагы суу аз келген убакка туш келип турабыз. Анан эле энергетиктер суу сатып жатышат деген сөздөр чыгат. Чындыгында мындай болушу мүмкүн эмес. Себеби сууну жаңы түзүлгөн Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөйт. Ошондуктан суу сатылып жатат деген маалымат фейк. Суунун тартыштыгы маселе жаратпашы үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин тез арада куруу зарыл. Мындан тышкары, альтернативдик булактардан энергия алууну жолго салуу шарт. Ошондо өлкөдө суунун азайып-көбөйүүсү көйгөй жаратпайт. Ошондой эле коңшу өлкөлөр менен электр энергиясын айлантып бириктирүү дагы ишке ашса, бул жааттагы көйгөйлөр чечилип калат эле. Ага ылайык, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана башка өлкөлөр бири-бирине көмөктөшүп турат", — деди Акунов.

Серепчи бир жылдык келишимдин негизинде жайында өлкө Казакстанга 300 миллион киловатт электр энергиясын бергенин айтып, кышында муну кайтарып ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0