Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамыралиев: Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки беш ГЭСке барат

© Фото / Тагжана Айдаралиева"Электр станциялары" ААКсынын энерго-жабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев. Архив
Электр станциялары ААКсынын энерго-жабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКсынын энерго-жабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев көп жылдан бери суунун арбын келген учуру боло электигин белгиледи.
Мамыралиев: Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки беш ГЭСке барат

Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийин жайгашкан беш ГЭСке барат. Бул тууралуу Улукбек Мамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Токтогул суу сактагычында 19,5 миллиард куб метр суу топтоого мүмкүн. Андан ашканын кое бергенге туура келет. Мындай процесс көп жылдан бери боло элек. Анын үстүнө сууну агызып жиберүү үчүн щитти көтөрүүгө 10-15тей адамдын эмгеги керек. Ал тийиштүү мекемелердин макулдашуусу аркылуу ишке ашат. Башкача айтканда, саналуу киши сүйлөшүп алып щитти ачып, сууну кое бере албайт. Бул абдан татаал процесс. Демек, суу сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары сууну бош кое берүүгө зарылдык жарала элек. Себеби суу сактагычта 14,2 миллиард куб метр гана суу болуп жатат. Өткөн жылы бул көрсөткүч 16,6 миллиард кубду түзгөн. Токтогул суу сактагычына видео байкоо орнотулуп, тыкыр көзөмөлгө алынган. Анда иштетилген, кирип-чыккан суу онлайн көзөмөлдөнүп турат. Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки жайгашкан беш ГЭСке барып түшөт", — деди Мамыралиев.

Ошондой эле ал суу сактагычта суунун жетиштүү болушу табияттан көз каранды экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0