Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бектенов: суу тартыштыгына карабастан быйыл жарык өчүрүлбөйт

© Фото / Тагжана АйдаралиеваЭлектр станциялары ААКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив
Электр станциялары ААКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр станциялары ААКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов ГЭСтен чыккан суу маал-маалы менен азайып-көбөйүп турарын билдирди.
Бектенов: суу тартыштыгына карабастан быйыл жарык өчүрүлбөйт

Суу аз келген мезгилге туш келип калдык. Ага карабастан өлкөнүн электр энергияга болгон муктаждыгын камсыздоо үчүн кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Мындан улам быйыл жарык өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Таалайбек Бектенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суунун аз же көп болушу негизинен күндүн ысышынан, жааган кардын көлөмүнөн көз каранды.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Токтогул суу сактагычынан чыккан суу трубина аркылуу өтүп, электр энергия чыгарылат. Ал эми авариялык учурдан улам суу кое берилиш керек болуп калса, ага техникалык жактан эле бир жума даярдык көрүлөт. Мындан тышкары, бизде каскаддык режим. Демек, Токтогул ГЭСинен чыккан суу дарыянын агымында жайгашкан Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, андан кийин Үч-Коргон ГЭСтерине барат. Ал жерде УКМК, Суу департаменти жана башка мекемелер тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Мындан улам суу сатуу үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Мындай кептер байма-бай айтылып калат. Аны ГЭСтин ишин, энергетика тармагын түшүнбөгөн адамдар таратышы мүмкүн. ГЭСтен чыккан суу маал-маалы менен көбөйүп же азайып турат. Бул электр энергиясын колдонуу режимине жараша болот. Башкача айтканда, эртең менен жана кечке маал электр энергиясы көбүрөөк колдонулат. Бул үчүн көбүрөөк көлөмдө суу берилип, ошого жараша энергия иштелип чыгат. Бул эми кадимки эле физика. Ал эми суунун көлөмү мезгил-мезгили менен азайып-көбөйүшү күндүн ысышына, жааган кардын көлөмүнөн көз каранды. Муну көп жылдан бери эсептеп, анализдеп жүрөбүз. Быйыл суу аз келген убакыт болуп жатат. Ага карабастан өлкөдө жарык өчүрүлбөйт. Электр энергияга болгон муктаждыкты камсыздоо үчүн бардык даярдыктар жүрүп жатат", — деди Бектенов.

Жетекчи суу сактагычтын өзүндө видеобайкоо онлайн режимде иш алып барарын белгилеп, бардык каалоочулар көзөмөл жүргүзсө боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0