Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калыбеков: 21-апрелди улуттук адабият күнү деп белгилөө сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков. Архив
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков союздун улуттук деген статусуна юридикалык баа берүү каралып жатканын айтты.

12-декабрды Чыңгыз Айтматовдун, 21-апрелди улуттук адабият күнү деп белгилөө сунушталууда. Бул тууралуу Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Калыбеков: 21-апрелди улуттук адабият күнү деп белгилөө сунушталууда

Анын айтымында, ушул жана башка сунуштарды камтыган мыйзам долбоору кароодо турат.

"Учурунда Чыңгыз Айтматовдун туулган, ал эми Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнү, 12-декабрь, символикалуу улуттук адабият күнү деп белгиленген. А бирок Айтматов дүйнөлүк киши болгондуктан адабиятка, ал тургай Алыкул Осмоновго дагы көңүл бөлүнбөй калат экен. Ошондуктан 21-апрелди улуттук адабият күнү деп белгилөө боюнча сураныч, кайрылуу, сунуштар түшүп жатат. Эмнеге бул дата дегенде, Жазуучулар союзу 1934-жылы 21-апрелде уюшулган. 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун күнү болуп кала берсе, адабият күнүн 21-апрелге которуу туура чечим болот", — деди Калыбеков.

Калчабаева: азыркы китептердин көбү адабиятты эмес, макулатура алгандарды байытат

Төрага чыгармачыл уюмдарга мамлекет тарабынан камкордук көрүлүүсү зарыл экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0