Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят

© Фото / Самуэль СактанбековВрач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова уйку гормону мелатониндин организмге тийгизген пайдасы жана анын жетишсиздиги кандай коркунучтарды жаратары тууралуу айтты.
Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят

Адамдар өзгөчө азыркы коронавируска байланыштуу стресс абалда жашап жатканда таза абада көбүрөөк сейилдеши керек. Бул өз убагында мелатонин гормонунун бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, уйкуну калыбына келтирет. Ал эми керектүү өлчөмдө уктоо ден соолук үчүн абдан пайдалуу. Ал иммунитетти көтөрүп, бетке бырыш түшүп, бат картайып кетүүнүн алдын алат. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Дарыгердин айтымында, ар бир адам бир суткада беш сааттан кем эмес ачык асман алдында жүрүүсү шарт. Жөө басып сейилдөө өзгөчө пайдалуу.

Уйкусу канбаган адамдар кандай дартка чалдыгары айтылды

"Адам үчүн күндүн нуру абдан зарыл. Өзгөчө стресс абалда жүргөн кишилер таң эрте сейилдеп турушу керек. Бул бакыт гормондорунун бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Ал эми серотонин же болбосо бакыт гормону кечинде мелатонин, башкача айтканда, уйку гормондорунун бөлүнүүсүнө таасирин тийгизет. Демек адам катуу уктап, жакшы эс алып, жыйынтыгында иммунитети көтөрүлөт. Мындан сырткары, убакыт-саатында уктоо өнөкөт баш оорунун пайда болушун алдын алат, териге бырыш түшүп бат картайып кетүүгө жол бербейт. Андыктан күнүнө беш сааттан кем эмес таза абада сейилдеп туруу зарыл. Ошону менен катар эле кечинде саат 22:00дөн кечиктирбей уктап 7-8 сааттык уйку менен организмди камсыз кылуу талапка ылайык", — деди Турсункулова.

Эндокринолог уйку качып кыйналганда өз алдынча дары ичпей дарыгерге кайрылуу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0