Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтымышева: чылым чеккендердин 46%ы таштаганга аракет кылган

© Фото / Алмаз ЖумалиевНациональный сотрудник ВОЗ, кандидат медицинских наук, пульмонолог Алийна Алтымышева
Национальный сотрудник ВОЗ, кандидат медицинских наук, пульмонолог Алийна Алтымышева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, пульмонолог Алийна Алтымышева Кыргызстанда тамеки тартууга жылдан-жылга өспүрүм балдар көбүрөөк тартылып жаткандыгын билдирди.
Алтымышева: чылым чеккендердин 48%ы таштаганга аракет кылган

Өлкөдө чылым чеккен адамдардын 46 пайызы жок дегенде бир ирет таштап салууга аракет кылгандар. Бул тууралуу Алийна Алтымышева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тамеки тарткан кыргызстандыктардын 63 пайызы чылым чегүү үчүн жанындагы адамдан уруксат сурабайт.

"Кыргызстанда тамеки чегүүнү азайтуу аракеттери жакшы башталган. Мисалы, ишеним телефону киргизилип, коомдук жайларда чылым тартууга чектөө коюлуп, кутучаларга анын зыянын көрсөткөн сүрөттөр тартылып чыгарылган. Бирок азыркы учурда мындай дени сак жашоого үндөгөн чакырыктар солгундап калды. Кафе, ресторандарда тамеки чеккендерге өзүнчө зал берүү менен токтоп турат. Такыр эле чекпей, атайын даярдалган жайга кирип тартууга жеткириш керек эле. Ошондой эле өлкөдө чылымды дааналап сатууга тыюу салынганы менен кичинекей дүкөндөрдө бул мыйзам иштебейт. Ал тургай жаш балдарга да сатып коюшат. Мамлекет тез арада муну колго алышы керек. Анткени ушул чылым тарткан адамдар өздөрү деле анын зыянын түшүнүп таштаганга аракет кылышат. Кыргызстанда бул көрсөткүч 46 пайызды түзгөн. Ошону менен катар эле тамеки тартуу маданиятын да өнүктүрүү зарыл. Өлкөдө чылым чеккендердин 63 пайызы жанындагы адамдан уруксат сурабай эле тарта берери белгилүү болгон", — деди Алтымышева.

Алтымышева: Кыргызстанда 70 жашка чейинки 48 пайыз эркек чылым чегет

Дарыгер тамеки тарткандарга караганда анын жанында туруп жыттаган адамдар көбүрөөк жабыркай тургандыгын кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0